Биз менен байланышыңыз

КМШ өлкөлөрүнүн илимпоздорунун форуму өтөт

Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 871 | 0

Армениянын Ереван шаарында 15-16-октябрда КМШ өлкөлөрдүн илимпоздорунун II форуму өтөт. Аталган иш-чараны Армениянын билим берүү жана илим министрлиги жана улуттук илимдер академиясы уюштурууда.

Форумду уюштуруудагы максат КМШ өлкөлөрдүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташууну бекемдеп, жаштар арасында илимди жана илимий ишмердүүлүктү таратуу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында баштапкы илимди өнүктүрүү перспективалары, инновациялык илимий изилдөөлөр жана ушул тармактагы маанилүү темалар боюнча талкуу жүрмөкчү.

Форумдун жыйынтыгында декларация кабыл алынарны маалыматта айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM