Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы цунамиден каза болгондордун саны 2091ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 881 | 0

Индонезиянын Сулавеси жээгиндеги цунамиден каза тапкандардын саны 2091ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү Detik басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, куткаруу операциясы 12-октябрда аяктагына карабастан, каза болгондорду таап чыгаруу иштери уланып жатат. Агенттиктин айтымында, жаракат алгандардын саны 10 миң 600гө жетсе, анын эки жарым миңи оор абалда. Ошондой эле 680 адам белгисиз болуп жатат.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Индонезиянын Сулавеси аралындагы Палу шаары жана Донггала аймагы 7,5 балл кубатындагы жер титирөөдөн кыйрап, артынан келген 3-6 метрге чейин жеткен цунами турак-жайларды каптап, жээкти баткакка айлантып койгон. Бийлик менен бирге эл аралык коомчулук да абалды жөнгө салууда көмөк көрсөтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM