Кыргызстанда адам сатуу фактылары аялдардын катышуусунда жасалып жатат. Бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка анонимдүү маалыматтар чыкканы менен, тергөө органдарына жетпейт.
Кыргызстандын аял судьялар ассоциациясынын IV конференциясында адам сатуу сатуунун курмандыктары талкууланды. Анткени төрт жылдан берки изилдөөдө адам сатуу фактылары аялдар тараптан жасалып, иш толук сотко жетпей жатканы аныкталган. 2017-жылы адам сатуу же эмгек кулчулугуна байланышкан төрт гана учур катталган. Анын экөөсү жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу болсо, дагы экөөсү сексуалдык кулчулук боюнча факты болгон. Бул маалымат расмий түрдө укук коргоо органдарынын колуна өткөндөрү жөнүндө гана сөз болууда.
Ички иштер министрлигиндеги 2014-17-жылдарга алынган маалыматтарды карасак, адам сатуу боюнча 47 факт катталган. Анын 28и бала сатуу болгон. Бул тууралуу ИИМдин кеңешчиси Асель Осмонова айтты.
—Адам сатуу боюнча биздеги маалыматтарды карасак, 28 бала саткан учур катталган. Калган 19 факт эмгек кулчулугуна тиешелүү. Көйгөйдү алдын алуу үчүн министрлик тараптан профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында 2017-20-жылдарга атайын программаны кабыл алганбыз. Программа адам сатууга каршы иштелип чыккан. Анын алкагында ар багыттагы операцияларды, өспүрүмдөргө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган. Анткени көйгөйдүн өзү менен күрөшкөнгө караганда, аны алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү натыйжалуу болот.
Чындыгында, жакындары тараптан алданып, эмгек кулчулугунда жүргөндөрдүн саны арбын. Дүйнөдө күнүнө миллиондогон адамдар кулчулуктун торуна кабылууда. Маселени алдын алуу үчүн Кыргызстандын аял судьялар ассоциациясы төрт жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштуулук жана баңгизат менен күрөшүү программасы менен изилдөө жүргүзүп чыгышты. Анын жыйынтыгы менен аталган бирикменин мүчөсү, Конституциялык Палатанын судьясы Чинара Айдарбекова тааныштырды.
—Соттордун карап жаткан иштери боюнча төрт жылдын тажрыйбасын карап көрдүк. Ошонун натыйжасында адам сатуу боюнча 15 иш каралыптыр. Анын 14ү бала сатуу, бири сойкулук боюнча. Ушул кылмыштардын баардыгын аялдар жасаган.
Бул иштер ондун бири гана. Же коомчулукка чыккандары. Маселени чечүү үчүн, эң алдын жабырлануучу тарап кызыктар болууга тийиш. Бүгүнкү күндөгү реалдуу турмуш менен органдардагы маалыматтар дал келбейт. Ошондуктан жарандарды өз укуктарын билүүгө үндөө өтө курч турганын Жогорку Соттун төрайымы Гульбара Калиева белгиледи.
—Азырынча бизде фактылар көбөйгөнү менен иштер көбөйдү деп айта албайбыз. Иштер баары бир аз болуп жатат. Анткени жабырлануучу тарап тийиштүү органдарга келбей жатышат. Балким, алар коркобу же уялабы, белгисиз. Ошондуктан көпчүлүк маалда жабырлануучу тарап эмгек кулчулугунда калып, күнөлүүлөр жазасын албай калып жатат.
Анткен менен эл аралык уюмдар Кыргызстанда кырдаал жакшы жагына ооп баратканын айтууда. Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштуулукту алдын алуу боюнча Венадагы штаб-квартиранын адиси Анна Цицина Кыргызстандын улуттук программасы иштелип чыкканын жакшы жышаан деди.
—Биздеги маалымат боюнча Кыргызстан жарандар сыртка көп чыккан өлкөнүн катарына кирет. Демек бул маселе башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанда дагы бар. Аны менен күрөшүүдө Кыргызстандын иш-аракетине жогору деген бааны беребиз. Анткени жарандарынын чет өлкөгө кеткенине мамлекет тынчсызданаарын көрүүгө болот. Ал үчүн улуттук программа иштелип чыгып, бүгүнкү күнү алгылыктуу иш алып барылып жатат. Биз мындан сабак алышыбыз керек.
Кыргызстанда Аял судьялардын ассоциациясы 2015-жылы түзүлгөн. Анын курамында 20дан ашуун мүчө бар.
Бир жылда кыргыз жарандары кулчулукка кабылганына байланышкан 8-10 кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар элдин баары эле укук тартибин коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренесине ылайык, киши сатуу менен шугулдангандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалат.