Биз менен байланышыңыз

Ошто эми жол кирени карта менен төлөөгө болот

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 781 | 0

Ош шаарында автоматташтырылган система киргизилип,  жол акысын транспорттук карталар менен да төлөөгө шарт түзүлдү. Ал боюнча 12-октябрда шаардын муниципиалдык автотранспорт мекемесинде автоматташтырылган системанын презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Транспорттук карталар шаар тургундарынын жол акысын төлөшүн жеңилдетет. Карталар үчкө: жеңилдиктери барларга (пенсионерлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер); мектеп окуучуларына арналган жана кадимки транспорттук карталар болуп бөлүнөт.

Мындан сырткары автоматташтырылган системада жол акысы үчүн тыйындарды кабыл алып, квитанция да чыгарылып берилет. Аталган системаны Чехиянын “Микроэлектроника” компаниясы орноткон.

Азыркы тапта Ош шаарынын тургундарын 31 троллейбус жана 30 маршурт тейлеп келет. Маршурттарда жол акысы чоң адамдарга 8 сом, троллейбустарда 6 сом, ал эми окуучулар үчүн 1 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM