Биз менен байланышыңыз

BMW кытайлык өнөктөш компаниясындагы үлушүн көбөйтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 876 | 0

Дүйнөнүн автоунаа өндүрүшүнүн баш сабындагылардын бири германиялык BMW компаниясы өзүнүн кытайлык өнөктөшү Brilliance China Automotive Holding ишканасындагы үлүшүн 50%дан 75%га чейин көтөрүү тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу компания 11-октябрда коомчулукка жарыялады.

Бул келишимди ишке ашыруу эки компаниянын ортосундагы 3,6 милиард долларлык келишимдин алкагында ишке ашмакчы. Компаниялардын өнөктөштүк келишими 2020-жылы аяктайт. Бирок тараптар аны 2028-2040-жылдарга чейин узартууну пландап жатышат.

Жакында эле Кытай бийлиги автоунаа өндурүшүнө чет элдик капиталдын кирүүсүн тоскон мыйзамды өзгөртөрүн жарыялаган болчу. BMWнын жетекчилигинин айтымында, Brilliance Chinaнын акцияларын сатып алууга кытайлык компаниянын башчыларынын жана акционерлеринин макулдугу алынып, андан соң ишке ашууда.

Ошондой эле, немис компаниясынын жетекчилигинин өкүл Харальд Крюгер Кытайдын Шенян аймагында автоунаа өндрүүнү күчөтүү үчүн 3 милиард долларлык инвестиция салуу планы бар экенин билдирген. Буга ылайык, жылына дагы 650 миң унаа ашыкча чыгарылат. Бул 5000 кошумча жумуш ордун түзүү дегенди билдирет.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылы BMW компаниясы өзүнүн маркасындагы 560 миң автоунааны кытайлык кардарларына саткан. Алардын 2/3си дал ушул кытайлык өнөктөш Brilliance Chinaда өндүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM