Биз менен байланышыңыз

Сулайманов «Коопсуз шаар» боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 700 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн тендерди уюштуруп келгендердин баарына иш козгоп, аны Башкы прокуратура иликтеп чыгуусу керек. Мындай талапты Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов койду.

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы сегиз жылда 8 миңден ашык адам жол кырсыгынан каза болду. Ошол эле учурда миңдеген кылмыш иштери болуп, бети ачылбай жатат.   Долбоорду ишке ашырууга ИИМ менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети каршы болуп келет. Казакстан менен Тажикстан бул долбоорду ишке ашырып бүттү. Кыргызстан созуп келүүдө. Компаниялардан тыйын алууну көздөп олтурат.

Мындан улам Сулайманов долбоорду  уюштурууну дүйнөлүк абройлуу уюмдарга берүүнү сунуштады.  Бул ыкманы Өзбекстан колдонгонун айтып, кыргыз өкмөттү да колдонуп көрүүсү керек деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM