Биз менен байланышыңыз

Азербайжандык банкирдин жубайы Лондондо миллиондор боюнча сурак берүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 745 | 0

Азербайжандын Эл аралык банкынын мурдагы жетекчиси Жахангир Хажиевдин аялы Замира Хажиева Англияда жүргөн жеринен кылтакка илинди. Ал эсебиндеги мындай чоң суммадагы акчаны кайдан жана кантип тапканын ачыктап берүү үчүн кармалды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Замира Хажиева ушул жылдын башында эле кармалып, сотко тартылган. Бирок соттолуучу тараптан оңдуу жооп болбогонуна байланыштуу иш узап кеткен. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн айыпталуучунун атын атоону талап кылганда британ соту анын кимдигин ачыктаган.

Замира Хажиева Лондондо ашкере чыгым кылып, кымбат баалуу дүкөндөрдө, эс алуучу жайларда жыргал сүрүп жатканы коопсуздук кызматынын көңүлүн бурган. Ал акыркы он жылда эле Харродс супермаркетинен 16 миллион фунтка (21 миллион доллар) соода кылган. Ал эми Лондондун элиталык району болгон Найтсбрижден 11,5 миллион фунтка үй алып, 10 миллион фунтка Лондондун четинен жер участогун сатып алган.

Англияда чет элдик жарандардын мүлкүн текшерүү боюнча мыйзам жок болчу. Бирок шылуундук, коррупция жолу менен келген акчалар Англиядагы кыймылсыз мүлктөргө жумшалып жатканы ачык байкалгандан кийин мыйзам кабыл алышкан. Ал боюнча, 50 миң фунттан ашыкча акча короткон чет элдик, акчасынын кайдан жана кандай жол менен табылганын ачыктап, далилдеп берүүсү шарт.

Мына ушундай суракка алынган Замира Хажиева коротуп жаткан миллиондорунун дайынын ачыктай алган жок.

Ал эми сот анын Азербайжандын мурдагы Эл аралык банкынын жетекчиси Жахангир Хажиевдин аялы экенин иликтеп тастыктады. Жахангир Хажиев 2010-2015-жылдары аталган банкты башкарып жүрүп, ашыкча акчаны дайынсыз короткону жана шылуундук үчүн айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Сот Замира Хажиеванын короткон чоң суммадагы акчаларын дал ошол банктан алынганын божомолдоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM