Биз менен байланышыңыз

Ингушетияда Чеченстан менен чек аранын ратификациясын өзгөртүү болбой калды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 735 | 0

Ингушетиянын парламентинде кворум болбой калгандыгына байланыштуу жаңы чек аранын ратификациясын өзгөртүү үчүн добуш берүү болбой калды. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.

Сентябрдын аягында Ингушетия менен Чеченстандын башчылары эки өлкөнүн ортосундагы чек араны өзгөртүү боюнча келишимге кол коюшкан. Мамлекеттик чек аранын өзгөрүүсүн ингуш парламенти 4-октябрда ратификациялаган. Добуш берүүгө катышкан эл өкүлдөрүнүн үчөө гана каршы, калганы колдоп берген.

Бирок депутаттар добуш берүү жабык өткөндүктөн анын бурмаланганын айтышууда. Алардын айтымында, добуш берген 24 депутаттын жок эле дегенде 17си каршы болчу. Элдик нааразычылык толкундарынын жана парламенттин талабы менен чек аранын ратификациясын кайрып алуу маселеси каралмак. Бирок аймактык парламенттин кезексиз отурумуна 12 гана депутат келген үчүн кийинкиге жылды. Кворум болуусу үчүн кеминде 17 депутат катышуусу шарт.

Эске сала кетсек, октябрь айынын башынан бери чек аранын өзгөрүүсүнө каршы уланып келе жаткан элдик толкундоолор басыла элек. Нааразычылык акциялары башталганда үзүлгөн интернет байланыштарын мамлекеттик “Мегафон” кызматы дагы деле улай элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM