Биз менен байланышыңыз

Турганбаев: Парламентке барайын деген оюм бар

Пикирлер | 10 Окт 2018 | 806 | 0

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаевде 2020-жылы парламентке барайын деген ою бар. Мындай пикирин ал “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеште депутат болуш үчүн көп каражат кетпейт. Эл сыйлаган адамдарын акчасыз эле колдоп берет. Андыктан парламентте отургандардын баары акча менен келген деп айтуу туура эмес.

«2015-жылы парламентке кетип калмакмын. Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин суранычы менен министрликте иштеп, парламентке барбай калдым. Эми жылдын аягына чейин жумуштарды бүтүрүп, шайлоого даярдык көрөм. Азыр эч бир партияга мүчө эмесмин. Жаңы партия түзүүгө каражатым жетишпейт. Депутат болуш үчүн акча керек болсо чет өлкөдө жүргөн достор көп. Кыргызстанга иштеп берүүгө даярмын», — дейт Турганбаев.

Ал буга катар президент Сооронбай Жээнбеков менен да жакшы мамиледе экенин айтып, өлкө башчы мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн белгиледи.

«Жээнбеков менен Ош коогалаңында чогуу жүрүп, башаламандыктарда үзөңгүлөш болуп иштедик. Президенттик шайлоодо өз ыктыярым менен колдоп бердим. Тааныштар, достор көп… Көмөк көрсөткөн карапайым элдин катмары менен сүйлөшүп, Жээнбековду колдоого жардам бердик. Ага ишеничибиз чоң. Ажобуз эл эмнеге муктаж экенин билет», — дейт экс-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM