Биз менен байланышыңыз

2019-жылы пенсияларды индексациялоого 3 млрд сом каралат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2018 | 778 | 0

2019-жылы пенсияларды индексациялоого 3 млрд сом каралат. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсиялык тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 2018-жылдын 3 айына пенсияларды индексациялоого 744,4 млн сом каралган. Ага ылайык, 1780 сом өлчөмүндө белгиленген пенсиянын базалык бөлүгү 100 сомго көбөйгөн.

Кулжанова, пенсиялар төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша чегерилерин белгилейт.

«Жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн канчалык көп төлөсө пенсияларынын өлчөмү да ошончолук жогору болот. Мамлекттик бюждет дефицит болуп жактандыктан пенсиялык куракты төмөндөтүү планы жок», — дейт Кулжанова.

Маалым болгондой, 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эркектер 60 жаштан, ал эми бийик тоолуу шартта 15 жыл иштеген аялдар 45 жаштан тарта пенсияга чыга алат.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө 648 миң пенсионер бар.

Copyright © 2017 Maral FM