Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков башкарган бир жыл: артылган үмүттөр күчүндө

Саясат | 8 Окт 2018 | 1912 | 0

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден бери бир жылга чукул убакыт өттү. Бул аралыкта мамлекет башчынын жасаган жумуштары айрымдарынын купулуна толсо, кээ бири өзгөрүү, өнүгүү боло элек деп сындашууда. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун ант берип, кызматка киришкенине 24-ноябрда туура бир жыл болот. Бул аралыкта өлкө башчынын жасаган иштери талкууланып, эксперттер да өз баасын берүүдө. Серепчилердин айтымында, мамлекет башчынын бир жылда жасаган жумуштарын ар тармакка бөлүп кароо керек.

Айтсак, саясат талдоочу Орозбек Молдалиев акыркы бир жылда өлкөнүн экономикасында өсүү болбогондугун, бирок шайлоо алдында Жээнбеков коррупция менен аёосуз күрөшүү тууралуу берген убадасын аткарып жаткандынын билдирди. Анын айтымында, Жээнбековдун командасында кадрдык чоң деле өзгөрүү болгон жок. Тагыраагы, үй-бүлөлүк кландык башкаруунун белгилери байкала элек.

-Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй коррупция менен күрөшүү жүрүп жатат. Анткени мурунку премьер-министрлер баш болуп, шаарлардын мэрлери жана жогорку кызматтагылар сурак берүүдө. Сот иштери жүзөгө аша элек. Бирок фактылардын өзү деле президенттин эч кимди аябайм, мыйзамдын алдында жооп берсин деген сөзүн аткарууда.

Деген менен коррупция менен күрөшүү боюнча президенттин аракетине азырынча баа берүүгө эрте экенин УКМКнын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов билдирди. Анын баамында, Жээнбековдун жемкорлук менен күрөшүүдө пландары толук ишке аша элек. Көзөмөл органдарынын жетекчилери жакында эле  алмашты.

-Эгерде фактылар болсо атына, даражасына карабай иштер жүргүзүлүшү керек. Азыр аракеттер болуп жатат. Козголгон кылмыш иштери канчалык деңгээлде далилденгенин убакыт көрсөтөт. Ошондуктан президентке баа берүүгө азыр эрте. Козголгон кылмыш иштери тергелип, камакта жаткандардын баарынын күнөөсү мойнуна коюлганда гана бааласа болот.

Быйыл өлкө башчы аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтардын анын ичинде жергиликтүү бийликтин бардык тепкичтеринде иштеген кызматкер катары айыл жерлерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы колдоого алынууда.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков мурунку президенттер да аймактарды өнүктүрүүгө карата программа кабыл алынганын эске салып, бирок иш жүзүндө аткарылган эмес деген ойдо. Ага салыштырмалуу Жээнбеков жергиликтүү бийликтин айрым маселелерди өздөрү чечүүсүн талап кылып, дотациядагы айыл өкмөттөргө мамлекет тарабынан жардам берилет деген сөзүн кубаттады.

Айылдан чыккан чыгаандар, ишкерлер, бийликте отургандар, жергиликтүү ишкерлер аймактарды өнүктүрүүгө жардам берет. Муну мен жергиликтүү бийликте иштегендиктен жакшы билем, ошондуктан жергиликтүү бийлик ишкерлердин жардамы менен маселени чечсин дегени жакты. Ошону үчүн айылды өнүктүрүү программасын түздүм, ал эми дотацияда турган айыл өкмөттөргө бала бакча куруу жана башка маселелерин чечүүгө мамлекет жардам берерин билдирди. Бул мамлекет менен коомчулук бирге иштейли деген сөздү туура коюп жатат. Ушул нерсени туура түшүнүп алып кетүү керек. Ошондо программа ишке ашып, бири-бирибизге ишенип, президенттин дагы канаты пайда болуп, көп иштерди чечет деп ишенем.

Ал эми президенттин тышкы саясат боюнча жүргүзгөн ишине эксперттердин берген баасына ылайык, Жээнбеков мамилелерди жолго коюп келе жатат. Айтсак, Казакстан, Түркия жана башка коңшу мамлекеттер менен мамиле жакшырууда. Муну III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына келген сыйлуу коноктордон байкоого болорун айтышат. Ошол эле учурда мамлекет башчы тышкы саясатты жакшыртуу үчүн бир топ өлкөлөргө расмий иш сапары менен барып келгенин жүйө келтиришет.

Kyrgyz Concept мекемесинин директорлор кеңешинин төрагасы Эмил Үмөталиевдин баамында, коңшу мамлекеттер менен болгон мамилелерде кетирилген каталар оңолууда. Бирок чечкиндүү жылыштарга дагы жетише элек.

-Балким мамлекет башчынын чечкиндүү кадам жасоосуна ЕАЭБ тоскоол болуп жатышы мүмкүн. Ошону менен бирге Орусияга болгон санкцияларда таасир берет. Азыр тышкы саясатта көптөгөн кадамдарды жасоо керек болуп жатат.

Коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов эл президенттен дагы да чечкиндүү иштерди күтүп жатканын айтты.

Жээнбеков чечкиндүү кадамдарга барам деп жатат. Бирок эл алты жыл күтпөйт. Тез арада иштер аткарылса деген үмүт бар. Ошондуктан жакшы жакка үмүттөнүп туралы. Бирок азыркы башкаруу системасы менен кайсы президент болбосун чоң мамлекеттик өзгөрүүлөргө баруусу кыйын. Биз Баш мыйзамды өзгөртпөсөк өнүгүп кетүү кыйын.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлүп, шайлоочулардын 54 пайыз добушуна ээ болгон. Мамлекет башчы  укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор паракорчулукка батып калганын айтып чыккан. Ал бул багытта күрөштү күчөтүүнү, айрым таза эмес кызматкерлерден арылууну талап кылып келет.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM