Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө Карга акенин 300 жылдыгы белгиледи

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 1139 | 0

Бугүн, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында XVIII кылымдын белгилүү инсандарынын бири Карга Мендегул уулунун (Карга аке) 300 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышкан салтанатта Карга акенин айкели ачылды.

Маалым болгондой, айкелди жасоо үчүн Казакстандын Кордай айылынан алынып келинген 30 тонналык чоң таш — кызыл гранит колдонулган. Даяр болгон айкелдин салмагы 12 тонна, ал эми эстеликтин бийиктиги 7,5 метрди түзөт. Аны жасоого 40 миң доллар жумшалган.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө куран окулуп, келген конокторго театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

Айта кетсек, Карга аке Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири. Ал калыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM