Бугүн, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында XVIII кылымдын белгилүү инсандарынын бири Карга Мендегул уулунун (Карга аке) 300 жылдык мааракеси белгиленип жатат.
Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышкан салтанатта Карга акенин айкели ачылды.
Маалым болгондой, айкелди жасоо үчүн Казакстандын Кордай айылынан алынып келинген 30 тонналык чоң таш — кызыл гранит колдонулган. Даяр болгон айкелдин салмагы 12 тонна, ал эми эстеликтин бийиктиги 7,5 метрди түзөт. Аны жасоого 40 миң доллар жумшалган.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө куран окулуп, келген конокторго театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.
Айта кетсек, Карга аке Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири. Ал калыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган.