Биз менен байланышыңыз

Бүгүн дүйнө жүзү XX кылымдын аткаруучусу Азнавур менен коштошту

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 931 | 0

Белгилүү француз композитору, акын, жазуучу, аткаруучу жана актер Шарль Азнавур менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 5-октябрда дүйнөнүн бир нече шаарында болуп өттү. Франциянын борбору Парижде президент Эммануэль Макрон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусу менен расмий коштошуу салтанаты болуп, ага 200дөй гана конок чакырылды.

Ал эми сөөктү жерге берүү жана диний зыйнаты 6-октябрда Париждеги армян чиркөөсүндө болмокчу. Атактуу ырчынын ата теги болгон Арменияда 6-октябрь аза күнү деп белгиленди.

Ырдын сөзүн да, обонун да өзү жазып, аткаруучусу да өзү болгон кестпкөй денгээлдеги дүйнөлүк ырчы дээрлик жок. Бул өзгөчөлүгүнөн улам аны «шансонье» деп аташчу. Шарль Азнавур 1300дөй ырдын автору, 200 миллион дискин сатыкка чыгарып, 60тан ашуун фильмде роль аткарган. Өзгөчө талант ээси Азнавур 1998-жылы «XX кылымдын аткаруучусу» деп табылган.

95 жашынын суусун иче баштаган ырчы 1-октябрь күнү Францияда өз үйүндө бул дүйнө менен коштошкон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM