Биз менен байланышыңыз

Бразилия 38-президентин шайлайт

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 848 | 0

Бразилияда бул аптанын соңунда жалпы республикалык шайлоо өтөт. Анда өлкөнүн президенти, өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу түзүмдөрүнүн башчылары шайланат.

Шайлоодо президенттикке 13 талапкердин ичинен эң популярдуусу Жаир Болсонару болууда. Шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта аны колдоп да, ага каршы да акциялар байма-бай уланып, токтобой келет. Болсонару  өзгөчө принциптери менен белгилүү, гомосексуализмдин душманы, аялдардын саясатка аралашуусун сындайт жана улутчул.

Кошумчалай кетсек, Бразилия Түштүк Америка континентиндеги калкынын саны боюнча эң чоң мамлекет. Буга чейинки президенти Дилма Русеф мамлекеттик казынаны туура эмес колдонду деп айыпталып, анын ордуна вице президент Мишель Темер убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

7-октябрда өтчү шайлоодо Бразилия эгемендүүлүк тарыхындагы 38-президентин шайлайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM