Биз менен байланышыңыз

Өкмөт өрт коопсуздугун сактоо талабын койду

Кыска кабар | 19 Сен 2018 | 1086 | 0

Өкмөт базарлар жана коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышын текшерүүнү тапшырды. Анткени акыркы кезде ири соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объектилеринде өрт чыгуу фактылары көп катталууда. Бул көрүнүштөр коомчулукта күмөндүү ойлорду пайда кылууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өкмөт башчы акыркы кезде өлкөдө ири соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объектилеринде өрт чыгуу фактылары көп катталып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, «Арзу» кафесиндеги, «Мадина» рыногундагы, Каракол шаарынын борбордук базарындагы жана «Супара» этно-комплексиндеги өрт чыгуу фактысы алардын ээлерине оор чыгымдарды алып келип, коомчулукта белгилүү суроолорду жаратууда.

Компетенттүү мамлекеттик органдар бардык өрт фактылары боюнча өрттүн чыгуу себептерин кеңири изилдөө менен деталдуу иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын аймактарында, коомдук тамактануу жана эл көп чогулган жерлерде өрткө каршы коопсуздук ченемдерин сактоону бир жумалык мөөнөттө тыкыр текшерип чыккыла.

Отурумда Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилери Абылгазиевге өрт фактылары боюнча тийиштүү иликтөөлөрдүн жана экспертизалардын жүрүшү боюнча маалымат беришти. Анын натыйжасында айрым жабыркаган объектилердин ээлери өрткө каршы коопсуздук талаптарын эске албагандыгы аныкталууда.

Ошону менен бирге өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча соода жана тейлөө объектилеринин ээлери арасында келечекте тобокелдиктерди азайтуу үчүн тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүсү тапшырылган.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы өлкөдөгү базар жана коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышын өрт чыгуу тообокелчилигине жараша эки жолуга чейин текшерип чыккан. Жыйынтыгында соода түйүндөрүн текшерүүдө аткарылбаган талаптардан улам бир миллион сомдон ашык административдик айып салынган. Бул тууралуу аталган инспекциянын  инспектору Мирлан Кылычбеков билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы тарабынан кайрадан инспекцияга текшерүү жүргүзүү тапшырмасы коюлду.

-Өкмөт башчы тапшырма берди. Азыр биздин инпекция кайрадан текшерип чыгуу боюнча бир чечимге келе элек. 

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова байма-бай өрт кырсыктары катталуусу бүдөмүк ойлорду жаратууда дейт. Ошондуктан өкмөт өрт коопсуздугу боюнча талапты жогору коюп, укук коргоо органдары катталган кырсыктарды иликтеп чыгуусу керектигин эл өкүлү белгиледи.

-Чындыгында өлкөдө өрт биринин артынан бири болууда. Мисалы, Ош базар кайра-кайра өрттөндү. Андан кийин Мадина базарында болду. Бул бүдөмүк ойлорду пайда кылууда.

Архитектура илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Бейшенбаев мекемелердин ээлери техникалык коопсуздукту талапка ылайык колдонбой жатканын билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан убагында текшерүү жүргүзүлүп, талаптар коюлат. Бирок өрт кырсыгы жарандардын шалаакылыгынан улам келип чыгууда.

-Мисалы, үй, кафе же ресторанды куруу үчүн долбоорлоодо техникалык талаптарга көңүл бурулбай калат. Архитекторлор текшерип бергенде ошол кемчиликти айтып оңдотобуз. Айрымдары өрт коопсуздугуна көңүл бурбай кийин туура эмес кылганын түшүнүп калат. Азыр бизде катталган өрт кырсыгынын көпчүлүгү жарандардын шалаакылыгынан улам келип чыгууда.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылы эле Бишкек шаарында бир катар соода жайларында өрт кырсыгы катталды. Айтсак, Ош базарында бир айдын үчүнде эле үч жол жана Мадина базарынын кампасында өрт болду. Мындан тышкары, бир катар кафе-реторандарда электр энергиясын жана газды туура пайдаланбагандан өрт кырсыгы чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM