Биз менен байланышыңыз

ДКО: Ак илбирстин терисин илгендерге чара көрүлөт

Кыска кабар | 5 Сен 2018 | 1009 | 0

Кырчын этношаарчасында көргөзмөдө Чүй облусунун өкүлдөрү боз үйгө ак илбирстин терисин илип коюшканы талкуу жаратты. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги бул мыйзамсыз экенин айтып, ал жаныбарлар качан, кайсы жерде кармалганын аныктоо үчүн Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга кайрылды.

Бул тууралуу «Маралга» айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жагдай такталган соң күнөөлүүлөргө мыйзамдын чегинде чара көрүлөрү айтылды. Эске салсак, быйылкы Көчмөндөр оюндарынын талисманы катары Ак илбирс тандалган.

Дүйнөдө ак илбирстин саны болжолду 3 миңден 7 миңге чейин. Жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Анын жашаган жерлери Кыргызстандын бардык региондорун камтыйт. (Тянь-Шань тоолорунда, ошондой эле Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүндө (Алай, Транс-Алай жана Түркестан тоо кыркаларында).

Өкмөттүн 2017-жылдагы токтому боюнча марал, аркар, аюуну мыйзамсыз аткандарга 1 млн сом, ак илбирсти аткандарга 1,5 млн сом, текени аткандарга 100 миң сом айып салынат.

Былтыр браконьерлерге 472 миң 500 сом айып салынган. Анын  400 миңден ашыгы өндүрүп алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM