Биз менен байланышыңыз

Шаршембиев: “Коопсуз шаар” боюнча аукциондун жеңүүчүсү бир жумада аныкталат

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Сен 2018 | 875 | 0

“Коопсуз шаар” боюнча аукциондун жеңүүчүсү бир жумада аныкталат. Бул боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Коопсуз» шаар долбоору боюнча өткөн аукционго Орусиянын «Вега» концерн жана «Маалыматтык системалардын коопсуздугу» компаниясы, ал эми жергиликтүү ишканалардан «Альфателеком» ишканасы катышкан. Эми бир жуманын аралыгында аталган компаниялардын бирөө жеңүүчү деп табылат.

«Долбоорду ишке ашырууда “Вега” компаниясы эң төмөнкү бааны сунуштады. Алар биринчи айлампа боюнча 1 миллиард 125 миллион сом, экинчи айлампа боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунушташты. Ал эми «Альфателеком» ишканасынын наркы 1 млрд 273 миң сомду түздү», — дейт Шаршембиев.

Шаршембиев белгилегендей, конкурс онлайн режимде, ачык өткөн. Эми «Коопсуз» шаар долбоорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн коммиссия бүгүн, 5-сентябрда чогулуп, бир чечимге келишет. Конкурстун жыйынтыгы эртең белгилүү болот.

Эске салсак, 4-сентябрда «Коопсуз шаар» долбоору боюнча кайрадан аукцион өтүп, ага жалпы 3 компания катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM