Биз менен байланышыңыз

Шаршембиев: «Коопсуз шаарды» ишке ашырууда маалыматтык коопсуздук сакталат

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Сен 2018 | 883 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда маалыматтык коопсуздук толук сакталат. Тагыраагы, баардык маалыматтар «Инфоком» мамлекеттик ишканасына чогулат. Бул боюнча  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

 «Долбоорду ишке ашырууда тобокелчиликтер жаралса жоопкерчилик жагы каралат. Бул долбооор чоң, азыр болуп жаткандар анын бир гана компоненти«, — дейт Шаршембиев.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор боюнча аукционго отузга жакын компанияга чакыруу жиберилген. Алардын ичинен 3 ишкана аукционго катышуу боюнча документтерин толук тапшырган.

«Башка компаниялар эмне себептен катышпай жатканын азыр айта албайбыз. Мыйзам боюнча сынакка эң аз 3 компания катышуусу абзел. Эгер ишканалардын документтери так болбой калса анда кайра сынак өтөт. Аудитордун жыйынтыгы бир жума аралыгында чыгып калат», — дейт Шаршембиев.

Эске салсак, 4-сентябрда «Коопсуз шаар» долбоору боюнча кайрадан аукцион өтүп, ага 3 компания катышкан. Алардын экөө жергиликтүү болсо, бирөө орусиялык компания.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM