Биз менен байланышыңыз

Экономика министри Жумакадыр Акенеевдин жакындарына көңүл айтты

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 850 | 0

Экономика министри Олег Панкратов жана министрликтин жамааты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу анын жакындарына көңүл айтышат.

“Кесиптешибиз, эмгек сиңирген экономист Жумакадыр Акенеевдин өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Биз өз ишинин кесипкөйү гана эмес, мыкты дос, мыкты адамды жоготтук.

Ал өлкөбүздүн экономикасы үчүн көп нерсе жасады, кыйынчылыктардан коркпогон чыныгы патриот эле. Анын дагы көптөгөн пландары бар эле, бирок оору анын тагдырын башка нукка чечип койду…Эконмомика министрлигинин атынан Жумакадыр Акенеевдин туугандарына, жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Олег Панкратов жана Экономика министрлигинин жамааты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM