Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюдарына чет өлкөлүк имамдар да келет

Кыска кабар | 15 Авг 2018 | 1189 | 0

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюдарына 6 мамлекеттин имамы келет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 5 мамлекеттин президенти оюндарга катышаарын ырастаган. Мындан сырткары, бир топ өлкөнүн премьер-министрлери келиши күтүлүүдө.

«Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн жогорку даражалуу адамдары, маданият кызматкерлери, коомдук ишмерлери, спортчуларыкелет. Оюндун ачылыш жана жабылыш аземинде өнөрүн көрсөтүүнү каалаган маданият кызматкерлери бар. Жогорку деңгээлдеги конокторго ат майданында өзүнчө жай даярдалды», — дейт Боронов.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарына удаа эле Ысык-Көлдө Түрк мамлкеттеринин саммити өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM