Биз менен байланышыңыз

Прокурор 200 миң доллар пара менен кармалды

Саясат | 17 Апр 2018 | 1731 | 0

Ири суммадагы пара менен колго түшкөн Улан Чалбаев кайсы иш боюнча кимден каражат талап кылганы азырынча ачыктала элек. Ал эми талдоочулар прокуратура кызматкери акыркы кездерде бети ачылып жаткан аткезчилик иштер боюнча кармалышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Чалбаев алчу долларлар…

Маалыматтар боюнча Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоолорду жана соттордо өкүлчүлүктөрдү колдоо боюнча башкармалыктын башчысы Улан Чалбаев азырынча аты аталбаган жарандан 500 миң доллар талап кылган. Ал 16-апрелде жогорудагы сумманын 200 миң долларын алып жаткан жеринен кармалган. Чалбаевге каршы ишти Башкы прокуратура козгогонун УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Марал» радиосуна кабарлады.

-Кыргыз Республикасынын МУКК ККК жана Башкы прокуратурасынын ички иликтөө кызматы менен биргеликте, буга чейин КР Башкы прокуратурасы козгогон кылмыш ишинин алкагында 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен ушул эле КР Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоолорду жана соттордо өкүлчүлүктөрдү колдоо боюнча башкармалыктын жетекчисин кармады. Мындан аркы ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

Улан Чалбаевди кармаган учурда анын абалы начарлап, кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен ооруканага жаткырылган. Башкы көзөмөл органынын кызматкеринин 200 миң доллар же 14 млн сомго жакын пара менен колго түшүшү бир чети коомчулукту кыжырдантса, бир чети бул ири каражат таң калтырууда.

«Аткезчиликке байланышкан болушу мүмкүн»

Деги эле Кыргызстанда ушундай чоң суммадагы пара менен бүтчү кандай кыңыр иштер бар экен деп кызыккандар четтен чыгат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов жүз берген окуяны аткезчилик иштер менен байланыштырды.

— Мындай 100-200 миң доллар параны алган окуялар чоң иштерде болот. Азыр Башкы прокуратура көзөмөл жүргүзүп жаткан иштердин ичинен мамлекеттин экономикасына зыянын тийгизген бул аткезчилик иштери болуп жатат. Казакстан аныктап чыккан иштер жана Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы. Кыргызстандын Бажы кызматында, чек ара жана күч органдарындагы коррупциялык схемалардын бети ачылгандан кийин ага аралашкан компаниялар менен жарандар азыр айласы кетип анын терс натыйжасын азайталы деген аракетти сөзсүз кылышат.

Улан Чалбаев кайсы иш боюнча кимден каражат талап кылганы тууралуу Атайын кызмат азырынча ачык маалымат бере элек. Чалбаев акыркы жылдары ири көлөмдөгү пара менен колго түшкөн экинчи прокуратура кызматкери болуп калды. Буга чейин 2015-жылы Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара менен кармалып, эркинен ажыратылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Чалбаевдин ишинин арты менен бир топ жагдайларды ачыкка чыгарса болоорун айтууда.

— Сооронбай Жээнбеков «коррупциянын баары укук коргоо органдарынан башталып жатат» деп абдан туура айткан. Бул ошону тастыктаган дагы бир факт болуп калды. Бул ишти тереңирээк казып, дыкат иликтесе дагы башка фактылар чыгып калышы мүмкүн. Бул жөнөкөй иш болбосо керек.  Андай чоң суммадагы параны бере турган бизнесмендер деле, балким бийликте жүргөн чиновниктердин деле тиешеси болушу мүмкүн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев

Президенттин сыны жыйынтык бердиби?

Коопсуздук кеңешин акыркы жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшө турчу күч органдары өзүлөрү жемкорлукка малынып калганын сынга алган. Ошондой эле прокуратура, сот, укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча чечим кабыл алынган.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрага орун басары Искендер Матраимов прокурордун кармалышын аталган чечимдин аткарыла баштаганынын белгиси катары сыпаттады.

— Өзүңөр билгендей президент Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында «коррупция менен күрөшөм» деп айткан. Бүгүнкү күнү ал жыйынтыгын берип жатат. Биз Кыргызстанда кадрларды оңдобойт экенбиз. Эгер аларды тарбиялап, өстүрбөсөк мындай иштер жасала берет.

Пара менен кармалган 32 жаштагы Башкы прокуратуранын кызматкери Улан Чалбаев бир кездерде Башкы көзөмөл органынын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүндө дагы иштеген экен. Айрым интернет сайттар Чалбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жаңы гана төрага болуп дайындалган Болот Сүйүмбаевдин күйө баласы экенин жазып чыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM