Connect with us

Дем алыш күндөрү боюнча өкмөттүн токтому бекитилди

Кыска кабар | 30 Дек 2024 | 471 | 0

Министрлер кабинети 2025-жылга дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алыш күндөрү деп белгиленди.

Ал эми 11-январь дем алыш күнү 2-январь жумуш күнүнө жылдырылды.

24-февраль дем алыш күнү 3-январь жумуш күнүнө, 10-март дем алыш күнү 6-январь жумуш күнүнө жылдырылды.

2-майдагы дем алыш күн 1-сентябрь иш күнүнө жылдырылды.

Өкмөт алдыда “Эмгек кодексин ишке ашыруу жана эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө айрым токтомдорду кабыл алуу практикасын жокко чыгарат. Кол коюлган соң, бул токтом күчүн жоготот деп болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM