Connect with us

Актаудагы учак кырсыгы: эки жаран дүйшөмбү күнү ооркуанадан чыгат

Кыска кабар | 28 Дек 2024 | 193 | 0

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

“Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок анын учурдагы абалы оор, тагыраак айтканда учакта алып келүү кооптуу. Дарыгерлер уруксаат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет. Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда”.

Алагөзов Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге таянып, калган эки жарандын абалы канааттандырарлык экендигин жана дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгыгарын жазган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган үч кыргызстандыктын абалы тууралуу сүйлөшкөн.


Анда алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто экендиги айтылган. Алар 36, 26 жана 20 жашта.


25-декабрда Мангыстау облусунда «Актау» эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Азербайжан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары бар болгон. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 жаран ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM