Connect with us

Мамкурулуш: Быйыл 800гө жакын лицензия токтотулду

Коом | 25 Дек 2024 | 107 | 0

2024-жылы Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 230 объектинин курулушу жана оңдоп түзөө иштери бүткөрүлүп, курулуш тармагындагы 800гө жакын лицензия токтотулган. Ошондой эле лицензия алуу процесси жөнөкөйлөштүрүлүп – талап кылынуучу документтердин саны 23төн алты документке чейин кыскарган. Бул тууралуу маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев айтты. Ал маалымат жыйында 2024-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, реновация маселесине да токтолду. Анда Бишкек шаарында жаңыланууга муктаж болгон 1960-70-жылдары курулган үйлөр бар экендигин, алардын ордуна жаңы үйлөрдү курууну Мамкурулуш мыйзамдаштырып берүү жолун иштеп жатканы айтылды.

2024-жылы Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 230 объектинин курулушу жана оңдоп түзөө иштери бүткөрүлдү.

Анын ичинен 100 мектеп, 45 бала бакча, 16 саламаттык сактоо объектиси, 9 маданият объектиси, 16 спорт комплекси, 12 турак жай, 22 таза суу менен жабдуу объектилери жана 10 башка объект курулду.

Быйыл курулуш процессин тездетүү үчүн «Кыргыз курулуш» мамлекеттик ишканасы ачылып, курулуштар бир айдын ичинде башталууда. Мурункудай жарым жыл күтүүгө муктаж болбой, тендердик системада жакшы шарттар түзүлдү. Мисалы, “Кыргызкурулуш” Д.Өмүрзаков атындагы стадионду 70 күндө бүтүрүп берген болсо, Каракол шаарындагы стадиондо иш кызуу жүргүзүлүүдө.

Артыкчылыктуу реформалардын бири катары Шаар куруу жана архитектура Департаменти түзүлүп, архитекторлордун жумуштары бир системага жыйналды. Департамент башкы пландарды сапаттуу иштеп чыгууга көңүл буруп, 2024-жылы 131 калктуу конуштун башкы планы иштеп чыкты, ал эми 2023-жылы жалпысынан 31 план иштеп чыгарылган.

Социалдык объектилердин типтүү долбоорлору бекитилип: 150, 225, 275, 500 орундуу мектептердин, 70, 140, 280 орундуу бала бакчалардын жана спорт комплекстеринин долбоорлору иштелип чыкты.

2023-жылы эки лицензия токтотулса, 2024-жылы 800гө жакын лицензия токтотулган.

Ошондой эле лизенция алуу процесси жөнөкөйлөштүрүлүп – талап кылынуучу документтердин саны 23төн 6 документке чейин кыскартылган. Лицензиялардын мамлекеттик төлөмдөрү мурда 1000 сом болсо, азыр 150 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин көтөрүлгөн.

Бул өзгөртүүлөр коррупциялык элементтерди жоюп, 2024-жылы бюджетке 70 млн. сом түшүшүнө шарт түзгөн, 2023-жылы 520 миң сом түшкөн.

Орунтаев Бишкекте мыйзамсыз деп эсептелген 15 көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдаштырылганын айтты. Айрым компаниялар мыйзамсыз курулуш үчүн батирлерин мамлекеткен берген учурлар да бар экендигин айтты.

“Мисалы, Elite House курулуш компаниясы мыйзамсыз курулушу үчүн 2 миң чарчы метр батирлерин мамлекетке өткөрүп берди. Биз мындан улам документтерин мыйзамдаштырып бердик. Биз эмнеге мындай жол менен маселелерди чече албашыбыз керек. Албетте өз убагында коррупциялык элементтер болгон үчүн ушундай курулуштар болгон. Биз андай кызматкерлерибизден арылуунун үстүндөбүз. Бул иштер улана бермекчи”.

Буга чейин ал өлкөдө жалпы 277 турак жай жана коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылганын айткан.

Орунтаев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруу сунушу, тагыраагы реновация маселеси дагы деле каралып жатканын, 2025-жылы парламентке мыйзам долбоору сунушталарын айтты.

Анын айтымында, Бишкек шаарында союз мезгилинде курулган 1500дөй көп кабаттуу үй бар. Алардын арасында 1950-60 жана 1970-жылдары курулган үйлөр бар.

Орунтаев программа качан ишке кирерин, канча көп кабаттуу үйдү реновация жасоо керектиги азырынча так эмес экенин айтты.

Реновация жөнөкөй сөз менен айтканда: эскини жаңылоо дегенди билдирет.

«Бишкекте Сталин, Хрущевдин убагында курулган үйлөр көп. Албетте, алар коопсуздук маселесин жаратпай койбот. Сталин, Хрущевдин убагында курулган үйлөрдүн пайдубалында же чатырында ар кандай маселе бар. Алар убагында жакшы каралбай, кам көрүлгөн эмес. Айрым объектилердин жер телөөлөрүнө кирип көрсөңүздөр дубалдарынан суулар агып жатат”.

Нурдан Орунтаев Мамкурулуш курулуш компанияларга реновация жасоону мыйзамдаштырып берүү максаты болуп жаткандыгын, компаниялар ошол жерде жашап жаткан тургундар менен сүйлөшүп, келишимдин негизинде гана иш алып барышы керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM