Connect with us

Садыр Жапаров Ильхам Алиевге учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 149 | 0

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

«Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Казакстандын Актау шаарында Баку-Грозный каттамындагы учак кулап түштү. Учакта жалпысынан 67 адам болгон. Анын ичинен 5 адам экпаждын мүчөсү калгандары жүргүнчүлөр экени кабарланды. Авиакырсыктан 25 адам тирүү экени, дагы 22 адам оорканага жеткирилгени кабарланды.

Жүргүнчүлөрдүн ичинен 3 адам Кыргызстандын жарандары экени айтылууда.

Мындан тышкары 37 адам Азербайжандын, 16 адам Орусиянын, 6 жүргүнчү Казакстандын жарандары болгон.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин 150 кызматкери куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Учак Азербайжандын Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык экени айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча учактын кырсыкка учурашынын себеби, чымчыктар учактын айлангычына кирип кеткени кабарланууда.

Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Тиешелүү токтомго Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM