Connect with us

Министрдин орун басары: «Бишкектин үстүндө кара түтүн жок»

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 198 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектин үстүндө, Воронцовка же болбосо Чоң-Арыкка чыксаңыздар мурдагы жылдары болуп жаткан кара түтүн жок, жылдан-жылга азайып жатат. Мындай пикирин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов парламенттин 25-декабрдагы жыйынында айтты.

«Шаарда дээрлик 3 миңге жакын кичиавтобус коомдук каттамдан чыгарылды, газ менен жүргөн автобустар киргизилди. 40-50гө жакын социалдык объектилердеги от казандары газ менен иштей баштады. Бишкек ЖЭБи оңдолуп, мурдагыдай түтүн чыкпай калды. Калктуу конуштар жылдан-жылга газга өтүп жатат. Маселе калктуу конуштарда болуп жатат, көмүр жагышат экен, алардын баарын газга өткөрүү кыйын экен. Автоунаалардан чыккан зыяндуу заттар да бар. Адистер айтат, жылдан-жылга зыяндуу үч-төрт зат азайды. Воронцовка же болбосо Чоң-Арыкка чыксаңыздар мурдагы жылдары болуп жаткан кара түтүн жок, жылдан-жылга азайып жатат» , — деди ал.

Депутат Айсулуу Мамашева кара түтүн эч жакка жоголбогонун, Бишкек ыш боюнча дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы катарда экенин эске салды.

Ал мындан тышкары, калктуу конуштарды газдаштырууга өкмөт жеңилдиктерди берүүсүн, ышты азайтуу боюнча жумуштарды күчөтүүнү талап кылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM