Connect with us

«Электрондук эмгек китепчеси» модулу иштелип чыкты

Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 130 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлиги е-Kyzmat автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бир бөлүгү болгон «Электрондук эмгек китепчеси» (ЭЭК) модулун иштеп чыкты.

Бул долбоор жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну жөнөкөйлөтүү, кызматкерлердин эмгек жана кызматтык таржымалына ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана кагаз түрүндөгү эмгек китепчелерин колдонуу зарылдыгын жоюуга багытталган.

2024-жылдын 28-мартында модулдун техникалык тапшырмасы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган. 11-октябрда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын базасында тутумдун сыноо версиясы көрсөтүлдү.

2024-жылдын 1-декабрына чейин пилоттук сыноо башталаары күтүлүүдө.

«Электрондук эмгек китепчеси» эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну кыйла жөнөкөйлөтүп, процессти ачык-айкын, ыңгайлуу жана оперативдүү кылат.

Маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо аларды жоготуп алуу же жасалмалоо коркунучун жокко чыгарып, кагаз түрүндөгү документтердин жүгүртүлүшүн азайтып, тутумду экологиялык жактан таза кылат.

Пилоттук этап ийгиликтүү аяктагандан кийин модулду улуттук деңгээлде кеңири жайылтуу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM