Connect with us

Жалал-Абад облустук сотунун судьялары баңги кылмышы үчүн соттолгон жаранды мыйзамсыз бошотушкан

Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 97 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан Жалал-Абад облусунун сот системасындагы укук бузууларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө облустук Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарганы аныкталды.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен 1982-жылы туулган Х.С.С. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышка күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун мындай чечими апелляциялык инстанцияда, үч судья (Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М.) тарабынан кайрадан каралып, сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарылган. Ага ылайык айыпталган жарандын иш-аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнө 268-беренесинин 2-бөлүгүнө (2017-жылдын редакциясында) негизсиз квалификацияланып, 8 жылга эркинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалган.

Өкүмдүн аткарылышы башка мамлекеттин аймагында болуп, энесинин камкордугунда болгон анын уулу 14 жашка чыкканга чейин мыйзамсыз кийинкиге калтырылган.

Сот адилеттигине жатпаган чечимдин натыйжасында соттолгон жаран камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен.

Башкы прокуратура Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясына карата чогултулган материалдар боюнча кылмыш иши козголгон жана 2024-жылдын 22-ноябрында Жогорку соттун Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү жактырган.

23-ноябрда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен жогорудагы судьялар УКМКнын тергөө абагына 1 айга камакка алынды. Учурда  тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM