Connect with us

Жактоочу Имамидин Ташовдун жүрөгү ооруп жатканын айтты

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 132 | 0

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун жүрөгү ооруп жатканын анын жактоочусу Самат Матцаков «Маралга» билдирди.

Учурда Имамидин Ташов Жазаларды аткаруу кызматынын №31 тергөө абагында. Анын жактоочусу Самат Матцаков өткөн аптада Ташов менен жолуканын, ал жүрөгү ооруп, үч күндөн бери уктай албай жатканын айткан.

«Имамидин Ташов азыркы учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 тергөө абагында дарыланууда. Ал операция болгон күнү УКМКнын тергөө абагына алып барып, ал жактан №31 тергөө абагына которушкан экен. Бирок мен аны №31 тергөө абагына которулганынан кабарым болгон эмес. Учурда анын абалы орточо экен. Мен өткөн аптада аны менен жолукканымда жүрөгү ооруп жатканын, үч күндөн бери уктай албай жатканын айтты. Туугандары жүрөгүнө дарыларды берген болчу, ошолорду да бердим. Ал буга чейин президенттин иш башкармалыгына караштуу клиникада, Түркияда жүрөгүн каратып, дарыланган экен. Анын жүрөгүн кароо боюнча арыз беребиз», — деди жактоочу.

Имамидин Ташовдун кийинки соттук отуруму Биринчи Май районудук сотунда 26-ноябрда саат 14:00дө болот.

УКМК буга чейин билдиргендей, 30-октябрда саат 9:00дө убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Имамидин Ташовдун курсагында бычактан алган эки жараат аныкталып, тез жардам келгенге чейин ИИМдин медицина кызматкерлери тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Тез жардам кызматы келгенде Ташовду 4-шаардык ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган. Ошол учурда анын абалы туруктуу деп бааланган.

Ташовдун камералашы ал жанына бир жолу колдонула турган устаранын мизин алып жүргөнүн, ошол менен денесине залал келтиргенин айтып берген.

Атайын кызмат айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп, өз жанын кыюуга атайын даярданганын билдирген.

4-шаардык оорукананын хирургу текшерүү учурунда Ташов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кыйноолор болуп жатканын айткан. УКМК муну четке кагууда.

«Муну УКМКнын СИЗОсунун бардык периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат. Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Имамидин Ташов Улуттук трансплантология борборунун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты» , — деп айтылат маалыматта.

Ишкер Имамидин Ташов ооруканага жеткирилгени 30-октябрда белгилүү болду. Маалыматтарда Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салганы кабарланган.

Ишкердин апасы уулун абакта кыйнашканын айтып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM