Connect with us

Шайлоо: Ак-Суу районунда добуш берүү башталды

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 138 | 0

Бүгүн, 18- ноябрда Ысык- Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасында добуш берүү башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Кечээ, 17-ноябрда, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электрондук система ишке киргизилбей калган. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону бүгүнкү күнгө жылдыруу чечимин кабыл алган.

Кечээ, 17- ноябрда жергиликтүү кеңештерди шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 150 931 киши шайлоого катышты, жалпы шайлоочулардын 27,83%зы добуш берди. Өлкө боюнча жалпысынан 4 миллион 135 миң 39 шайлоочу бар. “Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоо мыйзамдарын ар кандай бузуулар боюнча 65 билдирүү түшкөн. Төрт арыз каралууда турат, шайлоодо добуш берүүгө чейин жана добуш берүү учурунда кабыл алынган бардык башка арыздар боюнча чечимдер кабыл алынган”, — деп айтылат БШКнын маалыматында.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM