Connect with us

Президент Жапаров жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна активдүү катышууга үндөдү

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 168 | 0

Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына 13-ноябрда билдирүү жазып, элди 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого сөзсүз барууга чакырды.

Ал бүгүнкү күндө шайлоолор мурункудай эмес, ачык жана таза өтөрүн, бардык система автоматташтырылганын айтты. Мурдагыдай «карусель фокустар» өтпөй турганын, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге негиз жок экенин белгиледи.

Мындан тышкары, 17-ноябрда шайланып келген депутаттар жер-жерлерден Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашарын, Курултайдын курамдык сапаты эл шайлай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көз каранды болорун билдирди.

«Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда» деген айрым «журналист сымалдар, блогер сымалдар» бар. Ошолорго айтаарым, өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер. Өзүңөрдүн эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бериңиздер. Биз силерден кача турган суроо жана маселе жок. «Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти» деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон «блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар», Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар» , — деп жазды Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келгенин жана боло берерин дагы бир жолу кайталап, ачык сөз айтууга баарынын укугу бар экенин, бул «Азаттык», «Кактус медиа», «Политклиника», «Клооп» сыяктуу медиаларга тиешелүү экенин жазды.

Быйыл 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Ал үчүн өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM