Connect with us

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы бала изделип жатат

Кыска кабар | 11 Ноя 2024 | 171 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иши уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 11-ноябрь күнү издөө иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 71 адам тартылды.

Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын терең болгон жерлерин кароого чыкты.

2019-жылы туулган С.И. аттуу бала 9-ноябрь күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу миинстрликке маалымат түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM