Биз менен байланышыңыз

Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарылды

Кыска кабар | 8 Окт 2024 | 137 | 0

Жазуучу, акын, публицист Олжобай Шакир Жогорку соттун 8-октябрдагы чечими менен коюлган айып боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарылды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, Жогорку соттун чечимдери жарыяланган учурдан тарта дароо күчүнө кирерин билдирди.

Жазуучу быйыл май айында Аламүдүн райондук сотунун чечими менен «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Олжобай Шакир 2023-жылы 21-августта «РухЭш TV» Ютуб-каналы аркылуу кайрылуу жасап, азыркы бийликти сындаган. 23-августта УКМКга суракка чакырылып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен айыпталып, камакка алынган.

24-августта Биринчи Май райондук соту аны эки айга абакта калтыруу чечимин чыгарган. 13-сентярбда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, судья Олжобай Шакирдин камакка алынышын мыйзамдуу деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM