Биз менен байланышыңыз

Мурат Рахманов: Кыргызстан тигүү тармагында «Азиянын Италиясы» боло алат

Блог | 7 Окт 2024 | 152 | 0

«Марал» радиосунда жеке ишкер, MM solvers, CHINATOP компанияларынын негиздөөчүсү Мурат Рахманов конокто болду. Ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ишкердик, Кытай рыногундагы мүмкүнчүлүктөр жана текстиль тармагына кирип жаткан технологиялык өзгөрүүлөр тууралуу маек курду.

— Кайсы жактан билим алгансыз? Ишкердикти качан баштагансыз?

-Ош облусунда төрөлгөм. «Ала-Тоо» эл аралык университетинин филология факультетинде «Кытай тили адабияты» адистигин окугам. Филологмун, котормочу да болуп иштейм. Кытай, түрк, англис тилинде эркин сүйлөйм. Андан сырткары Борбор Азиянын бардык тилдеринде сүйлөшүп кете берем.

Дүйнөнүн негизги тилдерин билем (күлүп). «Ала-Тоо» универистетин бүтүргөн соң, магистратураны Кытайдын Үрүмчү шаарында «эл аралык соода» адистиги боюнча уланттым. Азыр менде 2 жарым диплом бар (күлүп).

Докторантураны бүтпөй калдым. Себеби пандемия учуруна туш болуп, ал учурда Кытайда болуп калып, кайтып келгенге туура келди. Докторантураны «Дүйнөлүк экономика» бөлүмүн окуп жаткан болчумун. Кытайда окуп жүргөн учурда эле ишкердикти баштагам. Кытай менен Кыргызстандын ортосунда соода баштап, азыркы MM solvers, CHINATOP компанияларын негиздегенбиз.

— Кытай менен кантип иштешип калдыңыз? Эмне үчүн Кытай?

-Биринчиден, Кытай — биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Себеби, Кытайды чалкыган бир акча ала турган көл катары элестетишибиз керек. Кытайда бүгүн бардык нерсе бар. Акчасы, жаңы технологиясы, бардык нерсени Кытайдан алсак болот.

Мен өзүм кытай тилин жакшы билгеним үчүн, Кытайда көп жүргөндүктөн, эки өлкөнүн ортосунда чоң бизнес кылса болот деген ой келди. Ишкердикти ошол жактан кылса болот деп, мен Кытайды тандадым.  Ал эми эмне үчүн жеңил өнөр-жай дегенде, Кыргызстанды же Бишкек шаарын алсак, калк 70-80 % жеңил өнөр-жайы менен жан багып келе жатабыз. Анын арасында бизнес кылгандары бар, тигүүчүлөр бар. Ошондуктан бул тармакта Кыргызстандын экономикасын алдыга тартып кете турган күч бар деп көрө алдык. Себеби мен өзүм да мурун бул тармакта иштегем. Кээ бир тармакта ишкерлик кылсаң, бир бийиктикке жетсең болот. Ал эми кийим-кече андай эмес. Негизги муктаждык болгон үчүн потенциал ар дайым бар.

— Азыр эле Кытай чалкыган көл деп айттыңыз. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү биз канчалык пайдаланып жатабыз? «Чөмүчтөппү, кашыктаппы, же чай кашык» менен жүрөбүзбү? 

Азыр биз күчүбүздүн, акылыбыздын жетишинче алып жатабыз. Балким кичинекей «чай кашыктап» эле алып жатабыз. Себеби биз Кытай менен дагы да масштабдуу иштешүүнү үйрөнө элекпиз. Биз кыргыздар эми эле бизнеске ачылдык. Эми үйрөнүп келе жатабыз, бизнестин системасын эми кылып баратабыз. Кытайдын мүмкүнчүлүгүн «чай кашык» менен алып жатабыз. Ошону жок дегенде «чөмүч» менен алганга жеткирүү керек. Биздин максатыбыз да ошол.

— MM solvers, CHINATOP компаниялары да ошол максатта түзүлгөнбү? Кандай кызматтарды көрсөтөт, ошол боюнча айтып берсеңиз?

-Биз башында MM solvers деп баштаганбыз. Мухаммет деген досум экөөбүз ачканбыз. Аталышы да экөөбүздүн атыбыздын баш тамгаларынан алынган. Solvers – деген англис тилинен которгондо «чечүү» дегенди түшүндүрөт. Мындайча айтканда, биз ишкерлерге Кытай менен иштешүүдө чечимдерди сунуштайбыз.

Компанияларыбыз негизинен эки багытта иш алып барат. B2B жана B2C болуп бөлүнөт. B2B деген business to business. MM solvers компаниясы менен ишкерлерге багыт берип, жол көрсөтөбүз. Биз менен тигүү цехтери, фабрикасы барлар же болбосо «Мадина», «Дордой» базарларында ишкерлик кылгандар иштешет. Аларга чоң мүмкүнчүлүк ачып бере алабыз. Кытайдагы чоң бир завод, фабрика менен, чоң компаниялар менен ортодо келишим түзүүгө жардам беребиз.

Мисалы, тигүү тармагында ири көлөмдөгү буюртмаларды алгандар, кездеме боюнча Кытайдагы завод-фабрикалар менен түз иштешүүсү керек. Документ иштеринен баштап, фурнитурасына чейин буюртма берүү, жеткирүү кызматтарыбыз бар.

Ал эми CHINATOP болсо, B2C – кардарларга багытталган компания. Мында ар бир кыргызстандык каалаган товарын, эмерек болобу, же күнүмдүк товар болобу, ошолордун барын CHINATOPко кайрылып алдырса болот. Буюртмаларды кабыл алабыз.

— Мисалы кандай товарлар келет көбүнчө? Бир гана тигүү тармагына байланыштуу товарларбы?

— MM solversке көбүнчө тигүү тармагы боюнча rайрылышат. Ошол эле сыдырма койгон, чөнтөктү тиккен, кийимдердин ар кайсы бөлүгүн тиккен, ошол тармакка керек болгон жабдыктарды алып келебиз жана орнотуп берүү кызматтарыбыз да бар.

Ал эми CHINATOP аркылуу көп учурда чакан ишкерлик үчүн жабдыктарды алдыргандар көп. Мисалы? курут чыгарган жабдыктарды алдырып, ишкер болуп кеткендер көп. Чоң ресторан же ашканаларда картошканы аарчып, туураш керек. Буга керектүү жабдыктарды да жеткирип беребиз. Көпчүлүк учурда биз дүкөнгө алып келебиз же буюртма да ала беребиз.

Дагы бир багытыбыз, ден соолукка кам көргөн гаджеттерди элге жеткиликтүү баада сатуу. Азыркы тапта чуркоочу аппараттарды ар түрдүү баа категориясында алып келебиз. Ошондой эле массаж-креслолорун да сатабыз. Бул товарлардын баасы 35 миңден өйдө башталат. Азыр алыскы Баткен облусуна чейин жеткирип берүүдөбүз. Ата-энелерине белек кылгандар да көп.

— Кытайдан кездеме алып келүүдө кооптонууга незиг барбы?

-Бизде  азыр ушундай тенденция чыкты, Вайлдберризден кийим-кече көп сатылгандыктан, биз ал жакка башындагы сапаттагыдай көп көлөмдү бере алышыбыз керек. Өңдөрү өзгөрбөшү керек. Ошол нерсени Кытайдан түз алдырууда кооптонуулар болот. Аны билген адам менен кылган туура. Өзүбүдүн да башыбыздан өткөн. Кээде кездеме өңү туура эмес келип калышы мүмкүн. Салмактан айырмаланып калышы мүмкүн. Ар кандай болуп калат. Анын баарын эске алып, биз сыяктуу компаниялардын кызматын пайдаланган деле туура.

— Кытайдын завод-фабрикалары менен кантип кызматташууга болот?

-Бизге кайрылышы керек (күлүп). Кытайдын завод-фабрикалары менен кызматташуу үчүн башында билген  адамдар менен иштеген жакшы. Анткени түз барып сүйлөшкөнгө тил барьери бар. Алардын тилин каада-салтын билген адамдар менен, өздөрүнүн тилинде түшүндүрүп, иштешкен дагы жакшыраак болот. Ал үчүн азыр компаниялар көп, ошолордун арасында биздин компания да ошол жаатта иш алып барабыз.

Анан да келишим менен иштешүү керек.  Биздин компания ар дайым ишкерлерге келишим менен иштөөнү сунуштайт.

Документтер да так болсо, жеңил болот, мамлекетке да салык төлөнөт. Кыжаалатчылык болбойт. Кокус бир күнү товар жараксыз келип калса анда ортодо келишим бар. Ошол келишимдин негизинде төлөтүп же болбосо кандайдыр бир чечимдерин тапса болот.

— Сиздерге кайрылгандар көппү ишкерлер арасында?

-Бүгүнкү күндө көп. Кыргызстандагы чоң 20дай тигүү фабрика менен иштешебиз.  Ошондой эле 30-40 орто тигүү цехтери менен да иш алып барабыз. Бул тармакта Кытай менен иштешкен ишканалар көбөйдү.

— Бул жакшы нерсеби?

-Сөзсүз. Кечээ бир подкастта суроо бердим. Биз Орусиянын рыногунун канча пайызын ээлей алабыз? Кыргызстан 3% эле экен дейт. Анда биз кыргызстандыктар баарыбыз чогулуп отуруп, кийим тиксек да рынокту толтура албайт экенбиз.

Ошол сыяктуу Кыргызстандын бардык жарандары Кытай менен иштеше турган компания ачсак деле бул аз. Себеби азыр XXI кылым, интернеттин заманы, чек жок. Интернетте отуруп эле Кытайдан алып эле дүйнө жүзүнө бизнес кыла бер, эч ким тоспойт. Бүгүнкү күндө Орусияга жиберебиз, Өзбекстан менен иштешебиз. Азыркы учурда Америка, Германия сыяктуу өлкөлөргө аракет кылып жатабыз. Кыргызстандын бардыгы бул нерсеге кирсе боло берет. Өнөктөш катары бири-бирибизден үйрөнүп, анан дүйнөгө ачылышыбыз керек.

Сиздин баамыңызда ушул бизнес өкүлдөрүнүн кызыгуусу, бири-бири менен кызматташуусу кандай?

-Бир спикер айтты эле, «кыргыз кыргыз менен иштеше албайт» деп. Ошол сыңары, биз кыргыздар бири-бирибиз менен иштешип кетүүбүз оор экен. Бирок өнөктөш катары иштешип кетсек болот.

— Эмнеге андай деп ойлойсуз?

-Биз ар бирибиз өзүнчө «личность» болгубуз келет экен. Бул өтө жакшы сапат. Мен биз кыргыздар бири-бирибиз менен иштей албайбыз, бул туура эмес деп эсептеп жүргөм. Максат Муктаров деген лайф коуч менен сүйлөшкөндө, ал бул аябай жакшы сапат деп калды. Эмнеге десем, «кыргыз менен иштеше албасаң анда башкалар менен иштешип, алар менен өнүк» , — дейт.

Ар бир кыргыз дүйнөгө ачылсын. Дүйнөгө таанылсын. Кыргыз деп таанылсын. Колунда башка өлкөнүн адамдарын иштетсин. Бул өтө сонун сапат. Анан бири-бирибиз менен өнөктөш катары эле мамиле кылсак болот.

— «Кыргызстан — Азиянын Италиясы” деген жаңы долбооруңуздар бар экен. Анын максаттары эмнеде? Эмне үчүн Италия?

-Биз «Кыргызстан — Азиянын Италиясы» деп жаңы долбоор баштаганбыз. Бул долбоордун алкагында подкасттарды тартып жатабыз. Кытайга бизнес турларды уюштуруп жатабыз. Тигүү жаатындагылар менен иштешебиз.

Эмне үчүн Италия дегенде, бул өлкө өзү кичинекей, калкы аз өлкө болгондугу менен дүйнө жүзүнө бренддер, сапат жана жаңы мода менен таанылыптыр. Текстилдеги тренддер дүйнө жүзүнө Италиядан тарайт экен. А биз Советтер Союзу тарагандан кийин эле, тигүү тармагын тандаптырбыз. Анан Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу эркин, ачык болгон үчүн бизде “вкус” бар экен.

Мисалы, орустарга керектүү нерсени алар таң кала тургандай кылып тигип коебуз. Саркеч нерсе чыгара алат экенбиз. Бул биринчи негизги фактор.

Кийинкиси жайгашкан жерибиз, биздин өлкө бардык жактан ыңгайлуу, ортодо жайгашкан.

Андан кийин биздин калкыбыз аз. Кошуна өлкөбүз Өзбекстан менен атаандаш боло албайбыз. Анткени алар көп. Ошол эле Кытай менен да атаандаш боло албайбыз. Өзбекстан арзан баада жана көлөмдүү өндүрүш кылат. А биз аз көлөмдө чыгарып, бирок сапаттуу, ошондой эле жаңы моделде болушу керек. Эл көргөндө кызыга тургандай тигип беришибиз керек. Ошол нерсени кымбат сатышыбыз керек. Креатив кошуу керек. Ошондо биз акча да тапсак болот, дүйнөгө ошентип таанылсак болот.

Кытайга бизнес турлар

Кытайга бизнес турларды уюштурабыз. 20-30 кишини чогултуп эмес, тигүү цехи бар же ушул тармакта иштеген 4-5 кишини алып барабыз. Аларга Кытайдагы жеңил өнөр жай кандай жүрүп жатат? Кайсыл нерселерди Кыргызстанга алып келсек болот? Кандай эмеректерди кодонсок болот? Ошол эле кездемелерди кантип сапаттуу алсак болот? Кээде бул жактагы кездеменин баасына, ал жактагы сапаттуу кездемени алса болот. Мына ошолорду көрсөтүп, аксессуарларды көргөзүп келебиз. Бул нерселерди көргөн сайын, ар бир адамда идея, өздөрүн өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Көпчүлүк Кытай менен иштешкенден коркот

Акчаны которгондо алданып каламбы? Кытайдыкы сапатсыз деген түшүнүктөр калып калган. Ошол нерселерди өзгөртүш керек. Бүгүнкү күндө Кытай ар бир кардардын акчасына карап жасайт. Африкага барган товар бизге келбейт. Америкага сапаттуурагы барат деген сыяктуу. Азыр эми Пекиндики бренд болуп кайра келе жатат. Ошол сыяктуу Борбор Азияга ылайыкташтырылган, ички базарына ылайык товарлары бар.

Мисалы, эки товар турса, бири 10 000$ , бири 1000$. Аны сырттан караганда билинбейт. Аны сатуучу айтып тааныштырат. Анын айырмасы ичиндеги курамында.

31-октябрда Кытайга бизнес тур уюштурулат

Бизнес турга 50дөн көп тигүүчү иштеткен ишкерлер барса жакшы болот. Себеби түшүнүк болушу керек.  Эки мамлекеттин ортосунда бизнес кылууда түшүнүктөрү болгону жакшы. Бирок кызыккандар болсо да барса болот. Биз 31-октябрда бир топ менен жолго чыгып жатабыз. 4 шаарга барабыз. Ал жакта Кантон көргөзмөсү болот. Бул көргөзмө Кытайда жылына эки жолу өтөт. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң көргөзмө болуп эсептелинет. Бул көргөзмөдө бардык нерсени чыгарышат. Анда 2 күн болобуз.

Иу деген шаарга барабыз. Ал шаар өзүнчө башкача, анын базарын “дүйнөнүн базары” деп коюшат. Дүйнө жүзүнө, турмуш тиричиликке керек болгон товарлардын баары, тигүү цехтерине керек болгон аксессуарлар ошол жерден чыгат. Адашпасам, ЦУМдан Жалга чейинки аралыктагыдай узундукта имараттары салынган. Ичинде 55-60миң дүкөнү бар.

Андан соң Куча деген шаарга барабыз. Ал бир чоң шаар. Анды баары жалгыз эле кездеме менен иш кылат. 7ден 70ке чейинки элдин баары кездеме менен алектенет. Сатат, жасайт дүйнө жүзүнө ошону таратат.

Андан кийин Тайчжоу деген шаарга барабыз. Анда текстилге керек болгон жабдыктар бар. Негизинен биз жеңил өнөр жайга керек болгон шаарларга алып барабыз.

Тигүү тармагында атайын техникаларды колдонуу маанилүүбү?

— Өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө биз «Азиянын Италиясы» болгубуз келсе, анда ар бир операциянын өзүнүн машинасына кылдырганы жакшы. Мисалы чөнтөктү тиккен машина автоматы, түптүз тигет, адам фактору бар жерде, кээде алаксып калышы мүмкүн. Ошондуктан сапаттуу чыгаруу үчүн техника керек. Эгер күнүмдүк же аз өлчөмдө болсо колдо тиксе деле болот. Бирок өнүгөбүз, сапаттуу тигебиз десек анда технологияны колдонгон жакшы.

— Тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн дагы кандай жаңы системалар бар?

-Конвейердик система деп коет. Ошол системага өтүшү керек. Анткени тигүүчү бир системаны мыкты билип калат да, жакшы жасайт, сапатын жакшы чыгарат. Бул системга өтүү зарыл. Бүгүнкү күндө Кытайда таңгактоону да роботтор кылып калды. Ошол нерсеге жетишип калган. Робот машинкаларды сунуштаган учурда комментарийге “биздин швеядагыларды жумушсуз калтырайын деп жатсыңбы?”- деп жазышат. Ал нерсени колдонсок, көп санда өндүрүш чыгып жатса, аны сатканга да бирөө керек. Жеңил жумуш кылган жакшы эмеспи. Жек Ма дагы “Таобоану” алып келгенде базардагы жумушчуларды жумушсуз калтырасың дегендер болгон. Бирок азыркы учуда 100 миңдеген жумушчусу бар. Кайра жумуш орундарын түздү.

— Кыргызстандык тигүү цехтери жаңы системаларды канчалык колдонуп жатат? 

-Пандемиядан кийин 2 жылда жакшы колдонула баштады. 20-30%га барышы мүмкүн. Бирок колдонулуп жатат. Бир тигүү цехинде бардык жабдыктары техника менен жабдылган. Бизде А дан Я га чейин деген талаптар бар. Жакында бир тигүү цехин башынан аягына чейин толук бүтүрүп бердик. Анда товардын баарын техника тигет, жасайт.

— Кытайлар биздин базарды канчалык билет?

-Кытайлар кыргыздардын рыногун бизден жакшы билет. Эмнеге мындай деп жатам, магистратурага окууга барганда биздин кендерден бери айтып беришчү. Биздин кайсы тармак жакшы өнүгүп жатат, кайсы тармакты колдонуп туруп экономикабыз өнүгүп кетсе болот, ошолордон бери бүт бизге айтып берчү. Азырынча мүнөзүбүздү билише элек. Биз менен иштешкенге кызыктар. Көп келип жатышат, биздикилер да барып жатышат.

— Ишкерлерде кандай сапаттар болушу керек?

-Ишкер адам изилдениши керек. Ачык болуу зарыл, жабык адамдар ишкер болушу кыйын. Бизнесмен деген бир нерсени эле кылып жүргөн адам эмес. Ал көбүрөөк нерсе билип, аны жашоосуна киргизген адам. Болбосо катардагы эле адам болмок. Мисалы, кытай тилин окуган миңдеген адам бар. Бирок алардын 15и же 20сы ишкер болду. Анткени алар кытай тилин үйрөнүп токтоп калбай, алардын рыногун изилдеп, ал жактан тажрыйба алмашкан. Изилденип жүрүп, жашоосуна колдоно алгандар ишкер болду.

Бизнес бул математика сыяктуу. Андагы кошуу-кемитүүнүн аягында бир сумма чыккан сыяктуу, айланадагы инсандарды туура таанып системага кое алуу керек. Андагы сумма биздин элге пайдабыз. Ишкерлерде ушундай жөндөм болушу керек. Бири-бирине кошуп айкалыштыра билүүсү маанилүү. Экинчиден, эрктүү болушу керек. Тобокел кылуудан коркпош керек. «Комфорттон» чыгыш керек. Бизде 60-70 миң сом алган адамдар айлыктан чыга алышпайт. Ишкер кээде 5-6 ай пайда таппай калган учуру болот. Акча жок болуп калган ар кандай шартка даяр болушу керек.

-Кытайлар кандай учурда кызматташпай коюшу мүмкүн?

-Кытайларда биринчиде мамиле турат. Алар көбүнчө тамак үстүндө сүйлөшүшөт. Эгер 3 жолку тамак үстүндө маселе чечилбесе, ал нерсени токтот дешет. Алар баалуулуктарга анан ишенимдүүлүккө маани беришет.  Европа, АКШда бизнесте биринчи кезекте акча турушу мүмкүн. Ал эми Кытайда ишеним, тааныш. Кыргыздар деле тааныштары, туугандары менен иш алып барып көнгөн. Бул Азия өлкөлөрүнүн артыкчылыгы.

Баалуулуктар болсо, кечке жаңылык киргизип өзгөртө берсе да сени менен иштешпей коюшу мүмкүн. Анан албетте акча маселеси, алганда айтылган убактында берсең, кийин сага ишенип акча бере алат.

Убакыт маселеси өтө маанилүү.  Бизде 17:00гө  тойго чакырып, 20:00дө той башталат. Убагында келип алып, ыңгайсыз болосуң.  Аларда андай эмес. Учурунда башталат, айтылган убакытта бүтөт. Эгер ушул нерселерге шалаакылык кылса, анда иштешип кетүү өтө кыйын.

-Сиздин командаңыз да кызыктуу болуп жатат, канча киши эмгектенет, кандай адистер бар?

-Бүгүнкү күндө бул жакта жалпы 10 киши, Кытайда дагы 5 киши бар. Командага эң мыктыларын топтогонго аракет кылганбыз. Кытай тилин эң  жакшы 6-деңгээлге чейин билгендер бар. Жабдыктарды орнотуп, түздөөлөрүн жасаган досубуз, компьютердик инженерияны бүткөн. Учурда тигүү фабрикаларында орнотулуучу жабдыктар боюнча Кыргызстандагы эң мыкты адис десем болот. Тигүү тармагына кандай техника келе турган болсо, анын баарын өзү орнотуп бере алат.

— Сиз өзүңүздү өнүктүрүү үчүн эмнелерди кыласыз?

— Мен өзүмдү өнүктүрүү үчүн китеп окуганга аракет кылам. Ишкерликти алгач баштаганда эл катары эле минуска кеткен учурлар болгон. Ошол учурдан алып чыккан бул өзүн-өзү өнүктүрүү болду.

Адам эки жолу төрөлөт экен деп уктум. Биринчиси энеден төрөлгөндө, экинчиси өзүн-өзү таанып, өзүн өнүктүрүп баштаганда. Мени ошол банкрот болгон учурдан алып чыккан өзүн өнүктүрүүгө арналган — китептер болду. Саидмурат Давлатовдун китептерин окуп, видеолорун көрүп жүрдүм. Өзүбүздүн лайф коуч Максат Муктаровду көрүп турам. Ошентип иш тажрыйба алмашып, ар эки айда Кытайга барып келип, Орусияга да тажрыйба алмашып барып келип жаттым. Ошентип ишкерлер менен тажрыйба алмашканга аракет кылам.

Ишиң жүрүшпөй жатабы, анда бирдемени өзгөртүү керек. Өзгөртпөсөң тура бересиң. Ошондуктан жеке өнүгүүгө көп көңүл бурам. Колдон келишинче китеп окуп, тренингдерге катышканга аракет кылам. Ютубда чоң ресусртар турат.  Жөн гана музыка үчүн эмес, 10-15 минуталык өнүктүрүүчү видеодон адамды өзгөртө койчу 2 ой чыгышы мүмкүн. Ошол нерселерди колдоном.

— Кандай кыйынчылыктарга учурадыңыз жана андан кандай сабактарды алдыңыз эле?

-Мен магситратураны аяктап келип, тигүү цехинде иштегенмин. Ошол жакта иштеп, айлыкка жашап жүрө беремби деген учур болду. Башын тартсаң аягына жетпеген айлыктан тажап, ишкер болууну кааладым. Айлык эки эсе көбөйгөндөн кийин иштен айдалып кеттим. Экинчи жолу айлыкка иштебейм болду деп чечкем. Андан көрө мен ишкер болоюн дегем.

28 жашымда азыркы өнөктөшүи менен балдар кийимин саткан бир дүкөн ачтык. Ишибиз элдикиндей эле жүрө берет деп ойлодук. “Дордойдон” товар алдырганбыз. Сатуучу кызга биринчи айлыкты чөнтөктөн бергенбиз. Кийинкиде түшкөн акчадан берип, үчүнчү айда бираз ашкан акчадан бердик. Бирок ал да киргизген акча болчу. Төртүнчү айда банкрот болдук. Сезон өзгөрүп, ага жараша кийим  алганга акча жок калган. Аны жапканбыз. Алты ай акча таппай калган учурларым болду. Достордон сурап, эч кимге жакпай каласың.  Жарым жылдай кыйналып, стресс болдум.

— Кантип чыгып кеттиңиз ал учурдан?

-Досум Мухаммет экөөбүз болчубуз ал учурда деле. Машинанын ичинде «эмне кылабыз» деп ойлонуп жата берчүбүз. Ошол учурдан мен китеп менен чыктым. «Менин гениалдуу балам» деген китепти окуганда көп нерсени түшүнгөм.

— Ошондой учурда китеп окугуң келеби?

-Ютубду тытып, фейсбуктан тажап, үйдө ашканада отурсам ошол китеп турат. Окусам менин каталарым жазылыптыр. Эмне үчүн мен бул күнгө келдим? Каталарымды карасам, көрсө алар менин каталарым эмес, мен кичинекейимден келген стереотиптер экен.

«Сенин колуңдан келбейт, сен андайсың, тигиндейсиң» деген чектөөлөр. Тарбия кээде ушундай болуп калат. Ал убакта Советтер Созу жаңы тараган мезгил. Ата-энебиздин күнөөсү жок. Бирок ошондой чектөөлөр болгон.

Түнкү саат 3 болуп калган. «Болду, бүттү мен бардык проблеманы чечтим» деген мотивацияга биринчи жолу келгем. Чөнтөк дептеримди  алып, максаттарымды жазып баштагам. Баарын жазып, ошондон кийин күндө китеп окуганды адатка айланткам.

Ишенсеңиз ошол учурда, китептин артында жазылып турган жаңы китепти алганга 300 сом акчам жок болчу. Ошол жаңы чыккан китебин алам деп, айлыкты күтүп жаткам. Айлык тийип, китепти алып, окугандарымды Exсelге түшүрүп, карызды төлөөнүн өзүнүн системасын түшүрүп, ошентип, карыздарымдан кутулгам. Ошол жол менен ишкерликке келип калдым. Нөл сом тапкан адам бир айдан кийин 100 миң сом таап,  6-7 айдан кийин карыздан кутулуп, киреше кире баштаган. Ошентип Кытай менен бизнес баштагам.

— Котормочу дагы болуп жүрөсүз, канча тил билесиз? Кытай тилин кантип үйрөндүңүз? Сиздин азыркы ишмердүүлүгүңүздө кытай тилин билүү кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачты?

-Мен Бишкекке келгенде диалекти менен сүйлөчүмүн. Айылда уюштуруучу болсом, группалаштардын арасында эң токтоосу мен болчумун. Анткени адабий тилде Бишкектин тилиндей сүйлөй алчу эмесмин. Биз “ака” дейбиз, “байке” деген сөздү айтуу мен үчүн оор болгон. Бишкекке келгенде адабий тилди үйрөндүм. Андан сырткары түрк, англис, казак, кытай тилдерин билем, Кытайга барганда кызыгып уйгур тилин үйрөндүм.

Кытай тили мага көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Кытай тилин үйрөнүү оор болгон. Орус тилин билбей жатып, тамга эмес, иероглиф менен жазылган тилди үйрөнүүдө кыйынчылыктар болгон. Тил үйрөнүү мага хобби сыяктуу. Англис тилин жакшы билет элем. Экинчи тилди үйрөнгөн соң үчүнчү тилди үйрөнүү оңой. Ошентип кытай тилин үйрөндүм. Бул тил мага көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Бир тил билсең бир адамсын, эки тил билсең эки адамсың деп коюшат. Кытайлар менен отурганда, кадимкидей алардын тилинде, алардын маданиятына ылайыктуу кылып сүйлөшүп отурганга мүмкүнчүлүк берди. Анан да өзүмдүн жашоомду өзгөрткөнгө жардам берди.

Бүгүн мисалы, Кытайга барсам аэропорттон эле кытай досторум алып кетет. Досторду, чоң бизнес өнөктөштөрдү арттырганга ушул тил мага көпүрө болду. Бүгүнкү күнү бир канча өлкөдө досторум бар. Кытай тилин үйрөнөм деп барган, өзбек, кыргыз, тажик баарыбыз дос болуп калганбыз.

— Кытай менен иштешем дегендерге, жаңыдан бизнес баштайм дегендерге эмне кеңеш берет элеңиз?

Бизнес баштоо үчүн акча керек деген ойдон алыш болуш керек

— Эгер акча менен бизнес башталса, анда мен өмүр бою бизнес баштай алмак эмесмин. Анткени мен бизнес баштап жатканда карызым көп болчу. Мага да көп жаштар келет, «карыз берип тур, бизнес баштайм», — деп, мен ал акчаны берсем артка кетип, карыз болуп калаарын анык билем. Анткени ал бизнес эмне экенин билбей туруп, баштайм деп жаткан болот.

Ошондуктан акча менен эмес, күчтүү тарабыңды аңдап, ошол менен система кургандан башталат. Анан ошол нерсе боюнча билим алуу керек. Бизнестин да өзүнүн билими бар. Кыргыздар эң маанилүү нерсени билим албай туруп баштай берет экенбиз. Үй-бүлө курууну, анан акча табууну.

Кытайдын мүмкүнчүлүктөрү

Кытай менен иштешем дегендерге, кытай тилин билип, маданиятын үйрөнүү аябай керек. Чоң ишкерлерге да сөзсүз Кытай менен иштешүүнү сунуштайм. Себеби бүгүнкү күнү Кытай мамлекетинин стратегиясы боюнча, Борбор Азия аркылуу өткөн Улуу Жибек Жолу биз аркылуу Өзбекстан, Европа өлкөлөрүнө чыгат. Ошол Улуу Жибек жолун кайра тургузууну көздөп, 7-8 жыл мурун мамлекеттик деңгээлде  киришип, бүгүнкү күндө ошол өз жемишин берип жатат. Биз аркылуу дүйнөгө чыгуунун аракетинде. Темир жол курулуп, биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Чоң ишкерлерге мен сөзсүз барып, кыдырып, көрүп, тажрыйба алмашып келип, иштешүүнү сунуштайт элем.

Кытайга барууну каалагандарга биздин дагы кызматтарыбыз бар. Кымбат го дегендер да болушу мүмкүн. Бирок мындай бизнес-турлар өзүн актайт.

-Кантип тапса болот сиздерди?

— Инстаграмда MM solvers же CHINATOP деген баракчаларыбыз барбыз, же болбосо, жеке өзүмө да соцтармактардан кайрылса болот. Инстаграм баракчабыздан кыска маалматтар, Ютуб каналыбыздан толугураак маалыматтар бар. Бүгүнкү күндө шакирт даярдап жатам. Жарыя кылбаган бир канча окуучуларым бар. Алар бизнести жаңыдан баштап, өсүп келе жаткандар. Кайрылгандарга да билгендерибизди сөзсүз бөлүшкөнгө даярбыз.

Copyright © 2017 Maral FM