Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө киши колдуу болгон келиндин окуясы боюнча маалымат берилди

Кыска кабар | 7 Окт 2024 | 140 | 0

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы Өзгөн районунда киши колдуу болгон келиндин окуясы боюнча маалымат берди.

4-октябрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө райондогу Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну 28 жаштагы К. М аттуу келинди өзү жашаган үйдүн короосунда кошунасы уруп өлтүрүп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге милициянын жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Соттук-медициналык, соттук-химиялык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 24 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM