Биз менен байланышыңыз

Ноокатта медресеге дем салдыруу үчүн келген өспүрүм бычак жеп каза болду

Кыска кабар | 7 Окт 2024 | 210 | 0

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы бала бычакталып каза болду. Бул тууралуу  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынында медресесинде Гулистан айылынын тургуну 2008-жылы туулган  М.М. аттуу өспүрүм өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 14 жаштагы Ш.Фти учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада ал алган жараатынан улам, аймактык ооруканага жетпей каза болгон.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Соттук-медициналык, экспертиза дайындалып,  иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя боюнча «Маралга» комментарий берип, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады. Учурда ички иликтөө иштери башталды. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон бала медресеге дем салдыруу үчүн келген.

Copyright © 2017 Maral FM