Биз менен байланышыңыз

Муфтият ажылыкка каттоо аяктаганын кабарлады

Кыска кабар | 8 Окт 2024 | 74 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкка каттоо аяктаганын кабарлады.

2025-жылдагы ажылыкка барууну каалаган жарандар баштапкы 2000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун төгүп, квота толгондуктан ажылыкка төлөм кабыл алуу жабылды.

Эми баштапкы 2000 долларды жана кайтарымсыз 1200 сомду банкка төлөгөн талапкерлер каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) Муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга баштапкы квитанция жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшырышат.

Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Быйыл Кыргызстанга 6000 квота бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM