Connect with us

Жалал-Абаддагы кар көчкү: Тоннелде калган он унаа чыгарылды

Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 176 | 0

Өзгөчө кырдаадар министрлигинин такталган маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун болжол менен 348-чакырымында кар көчкү түшкөн. Бул тоннелге 500м жетпей, Жалал-Абад тарабында экени айтылды.

Ал эми тоннелдин Казарман тарабында кар көчкү түшкөн эмес, жааган кардын калыңдыгы 25 см.

Учурда тоннелдин ичинде туруп калган 10 унаа Казарман тарапка чыгарылды, ал эми Казармандан Жалал-Абадды көздөй көмүр жүктөп бараткан беш оор жүк ташуучу унаа тоннелдин Казарман тарабында турат.

Жерине Сузак райондук №65 ӨКБдан 4 куткаруучу жана тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан  жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM