Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Токтогул көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды

Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 106 | 0

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө Шопоков жана Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосунда жылуулук тармактын бөлүгүндө жарылуу катталды.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан жылуулук камерадан суу сордурулуп, жарылуунун орду аныкталып, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, бул жылуулук тармагы 1987-жылы курулуп, 37 жылдан бери колдонулууда. Түтүктүн диаметри 273 мм түзөт.

Жогоруда айтылган түтүктүн жарылышына байланыштуу жылуулук жана ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлдү:

Токтогул көч., 77, 75;

Абдырахманов көч., 137, 141, 143, 145;

Киев көч., 44, 58, 60; Чүй пр., 96.

Кечки саат 20:00гө чейин жылуулук берүүнү калыбына келтирүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM