Биз менен байланышыңыз

Сайкал Асылбекова: Кыргызстанда франчайзингди өнүктүрүү керек

Блог , Экономика | 25 Окт 2024 | 108 | 0

ЖИА бизнес ассоциациясы өткөргөн Бишкек инвестициялык форумунда быйыл инвестиция маселеси менен катар франчайзинг темасына да басым жасалды. BIZ Franchise компаниясынын негиздөөчүсү, франшиза боюнча эксперт Сайкал Асылбекова франшиза боюнча бир катар суроолорубузга жооп берди.

Учурда Кыргызстандагы франчайзинг боюнча абал кандай, өзгөрүүлөр барбы?

-Биз быйыл BIF’ке өнөктөш катары катыштык. Мен спикер катары франшиза тармагын кененирээк түшүндүрүп, маалымат бердим. Негизи эле Кыргызстанда франшизалардын өнүгүп жатканы аябай жакшы көрүнүш.

Бизде бүгүнкү күндө 40тан ашык атамекендик бренд өздөрүнүн франшизаларын активдүү өнүктүрүүдө. Акыркы 5 жылдын ичинде 640тан ашуун франшиза боюнча жайлар ачылды. Учурда атамекендик франшизалардын филиалдарынын көбөйүп жаткан кези.

Мисалы, Banda Panda кофейнясы 200 жерде орун алган (точкасы бар). Ошол эле “Ожак кебабтын” 18 филиалы, “Пена” унаа жуучу жайдын 10дон ашык бөлүмдөрү бар. Кыргызстан үчүн бул абдан жакшы көрүнүш.

Мындан тышкары, биз чет элдик франшизалардын импортунун көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Бул чет элдик бренддерге керектөөчүлөрдүн суроо-талабы жогору экендигин көрсөтүп турат, бул дагы рыноктун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Франшизанын өнүгүшү Кыргызстанга эмне берет?

Эгер бул франшиза системасын эл аралык окуу жайлар жана бизнесмендер колдоп, бул маданиятты өнүктүрө турган болсок, экономикабыздын да өнүгүүсүнө чоң салым болот.

Франшизанын жакшырышы, албетте, башка өлкөлөргө бизнесин жайылтууга да жакшы шарт түзө баштайт. Ошол эле учурда, биздин бренддер таанылат. Аны менен катар жумуш орундары да көбөйөт. Айтор, көп пайдалуу жактары бар. Андыктан атамекендик өндүрүштөгү франшизаларды көбөйтүү керек.

Кыргызстанда 17000 ишкана бар. Ошолордун жок дегенде 10 пайызы болсо да франшизаны өнүктүрсө, 1700 ишкана болуп, чоң жетишкендик болмок. Учурда 40 ишкана франшизаны өнүктүргөн. Франшизаны өнүктүрүү максатында, Кыргызстанда атайын ассоциация негиздеп, анын үстүндө иштеп жатабыз. Анда юридикалык жактарын карап, интеллектуалдык жактарын эске алабыз. Аны менен катар “франшизалар броккери” деген позицияны да ээлеп жатабыз. Анда кылымдардан бери келе жаткан, чет элдик кызыктуу, дүйнөлүк бренддер менен иштешебиз.

Дегенде, дүйнөлүк бренддер менен иштешип, Кыргызстанга алып келем, филиалын ачам дегендер болсо, биз жардам көрсөтө алабыз.

Албетте, бул ишкерлер үчүн да жакшы тажрыйба болот. Аны түшүндүрүп жайылтууда “БИФ” сыяктуу иш-чаралар, форумдар керек. Жалпы ишкерлер үчүн бул пайдалуу. Анткени, бул ишкерлик маданиятын, франшиза маданиятын өнүктүрөт. Аны менен катар бири-бири менен жакындан таанышып, билим алып, тажрыйба алмашышат. Ошондой эле АКШны алып карасак, мындай иш-чараларды мамлекет өзү иш планына киргизип, каржылап колдойт. Кыргызстанда учурда жеке сектор өткөрүп жатат, муну албетте колдоо керек.

Кайсы тармактарда франчайзинг өнүгүп жатат?

-Кыргызстан чет элдик франчайзингдерди тартууда оң динамикасын көрсөтүүдө, бул биздин рынокко болгон ишенимдин өсүп жатканын айгинелейт. Бирок бул кызыгууну арттыруу үчүн өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга көңүл буруш керек. Франчайзинг маданиятынын өнүгүшү экономикалык өсүшкө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Мисалы, франчайзингдин эң активдүү секторлоруна HoReCa (мейманкана жана ресторан бизнеси), коомдук тамактануу, тейлөө сектору, билим берүү долбоорлору, ошондой эле чекене соода кирет. Бул тармактар ​​активдүү өнүгүүсүн улантып, суроо-талапка ээ болууда.

Copyright © 2017 Maral FM