Биз менен байланышыңыз

BIF -2024: Төрөбаев кайсы инвестор салыктын үч түрүнөн бошотуларын айтты

Кыска кабар | 24 Окт 2024 | 177 | 0

Мамлекет 10 миллион доллардан ашык долбоорлору бар инвесторлорду салыктын үч түрүнөн бошотот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 23-октябрда Бишкек инвестициялык форумунда (BIF) билдирди.

«Биз инвестиция тартуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Буга жетүү үчүн бизде 10 миллион доллардан ашык инвестиция салгандар үчүн атайын стимулдар бар. Өндүрүш үчүн жер да бөлүп беребиз. Анткени бүгүнкү күндө дүйнөдө экономикалык өзгөрүүлөр болууда, жашыл экономика алдыга чыгып атат. Ушул трендердин алкагында биз дагы чогуу кетишбиз керек», — деди Төрөбаев.

Ал кошумчалагандай, өлкөдө орто чакан ишкерлер өзүн жакшы көрсөтүп жатышат. Өкмөт инвесторлорду Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө тартуу максатында аларга эң ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат.

Бакыт Төрөбаев ишкерлердин башын бириктирүүдө Бишкек инвестициялык форумунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул форум он жылдан бери жыйынтыгын көрсөтүп жатат. Бүгүн беш миңге жакын ишкер келиптир. 20 долбоор эл аралык долбоорго айланыптыр. 186 млн долларлык долбоорлор ишке ашып жатат. Бул аянтча пикир алмашууга, бизнес долбоорлор менен таанышууга жакшы аянтча. Эл аралык финансылык институттардан келгендер презентацияларды көрүп анан кызыгуусу артат. Бул үчүн ЖИА бизнес ассоциациясына рахмат айтуу керек” , — деди Минкабдын төрагасынын орун басары.

24-октябрда борбор калаада «Бишкек инвестициялык форуму» өтүп жатат. Иш-чаранын башкы уюштуруучусу ЖИА Бизнес Ассоциациясы.

Форумда ишкердик кызматташууга жана инвестиция тартууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Иш -чаранын алкагында компаниялар франчайзинг, жашыл технология, Кыргызстанда өндүрүлгөн жана креативдүү экономика сыяктуу тармактарда өз өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөткөн көргөзмө өтөт. Форумда чет элдик эксперттердин жана Борбор Азияда ийгиликтүү иш алып барган ишкерлер панелдик талкууларга катышат.

Бизнес-форумга кошуна өлкөлөрдөн тартып АКШ, Япония, Канада, Индия, Кытай, Орусия, Түркия жана Европадан жалпы 18 өлкөдөн бизнес- делегация келди. Жалпы 1500дөй адам катышууда.

BIF 2015-жылы негизделген. Бул жылдар аралыгында форумда ондогон келечектүү бизнес долбоорлор сунушталып, 186 миллион АКШ доллардан ашык инвестиция тартылган.

BIF жыл сайын эң ийгиликтүү жана келечектүү бизнес долбоорлорун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Форумдун катышуучулары инвестиция, экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү күтүлүп жаткан тенденцияларды жана өзгөрүүлөрдү талкуулашат. Ошондой эле кызматташуунун жаңы векторлорун табышат.

Copyright © 2017 Maral FM