Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министрлиги 80 жылдыгын белгилөөдө

Кыска кабар | 22 Окт 2024 | 82 | 0

Тышкы иштер министрлиги 80 жылдыгын белгилеп жатат. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргызстандын чет өлкөдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан көп тараптуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын айтты.

Ошондой эле ал чөлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын юридикалык укуктарын коргоо чакырды.

Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн.

Алгач ТИМде болгону төрт кызматкер иштеп, алар протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу. 1989-жылдан тарта министрликтин штаты көбөйүп, функциясы кеңейген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM