Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркында фото капканга түшкөн сүрөттөрдү жарыялады.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Глобалдык жана жергиликтүү өнөктөштүк» коомдук уюмунун жардамы менен Салкын-Төр жаратылыш паркында 20дан ашык фото капкан орнотулган.
Үч ай бою чогултулган сүрөттөрдө ак илбирс, суур, түлкү, карышкыр жана тоо-эчкилерт түшкөн.