Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.
Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлер эскерилди.
Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.
Акылбек Жапаров Москва шаарына расмий сапар менен 19-октябрда барган. Анда Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышты.
Ошондой эле, кыргыз-орус өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.
Расмий делегациянын курамында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президентиин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.