Биз менен байланышыңыз

Ош — Нью-Дели багыты боюнча алгачкы чартердик каттам ачылды

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 91 | 0

Ош шаарынан Индиянын Нью-Дели шаарына биринчи эл аралык чартердик каттам ачылды. Бул каттам менен 180 жүргүнчү учуп келгенин «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Жума сайын шейшемби күнү уча турган каттам транспорттук байланышты жакшыртып, эки тарап үчүн маанилүү болгон экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди чыңдоого багытталган.

«Бул багыт эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өнөктөштүктүн мындан аркы өсүшүнө негиз боло турган, анын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча келечектеги аракеттер» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM