Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең жаан жаайт

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 75 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт,

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9  метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.

Чукул билдирүү. 26-27-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM