Биз менен байланышыңыз

ӨКМден тактоо: Чаткалда кар көчкү алдында калган үч адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 18 Окт 2024 | 86 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайра маалымат таратып, Чаткал районунда кар көчкүнүн астында калган үч адамдын сөөгү табылганын билдирди. Ага чейин төрт адам деп кабарланган.

Калган үч адамды издөө иштери убактылуу токтотулуп, эртең, 19-октябрда улантылат.

Куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы, куткаруучулар жана атайын техникалар тартылган. Жергиликтүү тургундарга жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө зарыл колдоо көрсөтүлүп, издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда кар көчкүдө калган алты адам изделип жатканы 17-октябрда кабарланган.

9-октябрда 14 адам тоого чыгып, дары чөптөрдү чогулткан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, сегиз адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM