Биз менен байланышыңыз

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 96 | 0

Жогорку Кеңеш «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду колдогон жок.

Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында мыйзам долбооруна 59 депутат «каршы», сегиз депутат «макул»  добуш берди.

Жыйында депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун талкуулабай эле добушка коюу сунушун берди. Ал эми Исхак Масалиев табло ачып, суроо-жооп болуусу керектигин айтты. Камила Талиеванын сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты бирок, добуш берүүдө мыйзам долбоору өтпөй калды.

Аталган мыйзам долбоору ушул жылдын март айында коомдук талкууга коюлган.

24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынган.

Министрлер кабинети Элдик курултайга шайланган делегаттарды бир жылдык мөөнөткө шайлоо боюнча мыйзам долбоорун колдобой тургандыгын билдирди.

Элдик курултайдын катчылыгын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев мыйзамда бир топ карама-карышылыктар бар экендигин жана Башмыйзамдагы айрым беренелер иштебей жаткандыгын белгиледи.

III Элдик курултай 20-декабрда Бишкек шаарында болот. Президент Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү жарлык «Эркин-Тоо» мамлекеттик гезитинин 24-сентябрдагы санына жарыяланды. III Элдик курултайга 700 делегат катышат.

2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган.

Мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан.

Президент «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» 2023-жылдын 29-августунда жарлыкка кол койгон. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан. Экинчи Элдик курултай өткөн жылы  15-16-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM