Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын 12 экс-премьер-министри бир сүрөттө

Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 199 | 0

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада мурдагы өкмөт башчылар менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлап, сүрөттөрдү жарыялады.

Жыйын Акылбек Жапаров менен Апас Жумагуловдун төрагалыгы астында эки муундун Министрлер кабинетинин салтанаттуу жыйыны форматында өтүп, Кыргызстанда улуттук биримдикти жана стабилдүүлүктү чыңдоого багытталган муундар ортосундагы «эстафетаны» жана диалогун улантуунун символуна айланганы айтылды.

Акылбек Жапаров 1993-1998-жылдары иштеген мурдагы өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип, мамлекеттик саясатта муундардын уландысы маанилүү экенин белгиледи.

МинКаб башчысы Кыргызстандын акыркы үч жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берип, ар кыл тармактарда олуттуу жетишкендиктерге басым жасады.  Ал ИДПнын 8,7%га, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда 10,6%га өскөнүн белгиледи. Ошол эле учурда 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллион сомдон ашты, ал эми 2024-жылы 1,5 триллион сомду түзөрү болжолдонууда.

Азыркы Министрлер кабинети позитивдүү тажрыйбаны жана өзүнөн мурункулардан алынган сабактарды жетекчиликке алып жатканын белгиледи. Иш-чаранын соңунда “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын имаратында Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун салтанаттуу портретинин ачылыш аземи болду.

Copyright © 2017 Maral FM